Дастан Бекешев: “Бажы тармагындагы көп маселелер дал ушул адам аркылуу чечилет”

0

Каганат.

Бажы кызматы өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармак экени баарыбызга эле маалым. Товарларын бажы төлөмдөрүн бербестен, жең ичинен азыраак сумма берип өткөрүп кетүүнү, аткезчилик жол менен ташылып келе жактан жүктөрдү документсиз мамлекетке киргизүүнү каалагандар азыраак акча ыргытуу менен иштерин улап келишет. Кыргызстанда бажы кодексинин талабын аткарып, келген жүктү толук кирешелеш деген жок. Демек, бажы төлөмү толук алынбайт.

Дал ушул Бажы кызматын “Райым миллионер” деп аталган киши калчап турат экен. Бул тууралуу бүгүн ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал бизнесмендер менен бат-баттан жолугуп турарын айтып, алар көйгөйлөрү тууралуу айтып турарын, анын арасыда бажы кызматында дагы бир топ маселелер жараларын билдиришкен. Алар Райым деген атты көп оозанышканын эл өкүлү айтты.

Бул киши көрсө Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары деген имиштер бар. Аны бизнесмендер жана өз кишилери “Райым-миллионер” деп тергеп да коюшат экен. Бажы тармагындагы көп маселелер дал ушул адам аркылуу чечилет экен. Жең ичинен алган каражаты менен бул киши миллионер болуп, тергелген аты Райым-миллионер болгону да дал ушундан болсо керек.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”87705″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Эл өкүлү Бекешевдин бул ким жана эмне болгон миллионер экендиги тууралуу берилген суроосуна Бажы кызматынын жетекчиси Азамат Сулайманов бул жөн гана ушак деп кутулуп кетти.

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, депутаттарга чейин бул маалымат жетип жаткан соң демек бул чындыкка көбүрөөк жакыныраактай туюлат. Анын үстүнө балким өзү да “доляда” отурган жетекчи бул баланча эле деп сырын ача калмак беле.

Азырынча бул кишинин ким экени жана ал кандай кызматта отурары белгилүү болбосо дагы, депутаттардын кулагы бул маалыматты угуп калган соң Бажы кызматына бир көңүл бөлүп, мамлекеттен кымырылып калган миллиондорго байыгандарга карата чара көрөт деп ишенели.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + 3 =