Курманбек Осмонов: “Өмүрүндө аскердик тартипти билбеген, айым жана граждандык соттор аскер адамдарын кантип соттошот?”

Каганат.

–Курманбек Эргешович, Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты, Жогорку Соту жетектеген жаран катары учурдагы саясий кырдаалды кандай баалайсыз?

–Соңку абал тууралуу айта кетсем, 2016-жылы баш мыйзамдын өзгөртүлүшү боюнча ар кандай пикирлер жаралып, бир топ талаш тартыш маселелер козголду. Ушул жана башка акыркы кулаган учукка чейин жүргөн кайчы пикирлердин пайда болушуна коомдо кандайдыр бир деңгээлде чыңалууну шарттадыбы деген ойго келесиң?

Негизи эле Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эле “Орто Азиядагы демократия аралчасы” деп бекер аталбасак керек. Коомдогу болуп жаткан ар кандай пикирлер дал ушул демократиянын негизинде жүрүп, ошондон пайдаланып жатабыз. Ошол эле сөз эркиндигин пайдаланып саясатчылардын айрымдары бири бирин каралоого, жамандоого өткөндүгү өтө кейиштүү. Элдин бүтүмү менен укук коргоо, мамлекеттик кызматтардын чыгарган бүтүмдөр дал келбей калгандыктан улам учурдагы саясий абалды олку солку кармоодо. Суверенитетти алгандан бери бир канча окуяларды басып өттүк, эки революция, июнь коогалаңы жана башка, бирок дал ошондой кыйчалыш учурлар болуп турганда дагы кара кылды как жарган калыстык жок болуп жатат.

Кала берсе акыркы кезде камалган саясатчылар дагы өч алуу максатында кайра ар кандай жолдорго барып, жаманатты кылууну адат кылып алышты. Албетте ар адамдын өз чындыгы бар, бирок мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы негизсиз, мыйзамсыз, далилсиз жарыялоолор орун алып жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Алдыда Президенттик шайлоо болоор алдында турат, эми ошол шайлоо болооруна бир канча убакыт бар экендигине карабастан ЖМК, саясатчылар, коомчулуктун өкүлдөрү эмитеден эле тенденция түзүп, шайлоолордогу саясий күрөштү тартип, адеп ахлак менен жамандоо, компромат топтоо менен алек. Кыскасы кандай жол менен болсо дагы саясий аренадан түртүп салууга болгон күч аракетин жумшаганга өтүп алышты. Бирок эл акылман, элдин таразасы так, кыргызда сөз бар элден айланса болот дегендей, элдин бүтүмү жогору бирок элдин чыгарган тыянагы менен бийлик, укук коргоо тармагы менен төп келбей калган учурлар орун алууда. Эң башкысы Кыргызстан тынч болсо деген гана тилек болуп калат экен.

–Бийликтин дарегине айтылып жаткан ар кандай сын пикирлер боюнча сиздин жеке оюңуз?

–Эми мамлекеттик структуралардын көпчүлүгүндө, тактап айтканда өкмөттүн жетиштүү абалда иш алып барбай жатканы баарыбызга маалым. Албетте айрым өкүлчүлүктөрү жетишээрлик иш алып барганы менен басымга карап баа беребиз да. Маселен кечээ жакында Дача-Суу аймагындагы кырсыкты изилдөөгө алган мамлекеттер аралык авиация комитетинин өкүлүн шашылыш пресс конференция өткөртүп, анын ишине кирбеген ар кандай жоромолдорду айттырганы көпчүлүктү ирээнжитти. Учурда бул боюнча депутаттык комиссия иштеп жатабы, ишин бүтсө жыйынтыгын чыгарышат. Ал эми авиация боюнча комиссия кырсыктын келип чыгышын кандай болгондугун аныктап бериши гана керек эле. Мына ушуну уюштурган өкмөттүн шашмалыгынын айынан бирин сала бирин ар кандай жоромолдор алдын ала айтылууда.

Учактагы жүк кимге тиешелүү болбосун, бул кырсык, бирок жүк мыйзамдуубу мыйзамсызбы тиешелүү кызматтар текшериш керек. Бул кырсыктан тышкаркы байланышсыз маселе. Бирок эң негизги нерсеге акцент жасай турган болсок, кайтыш болгондордун ордун эч нерсе толтура албайт. Бирок бул апаат жалпы кыргыз эли үчүн улуттук трагедия болуп саналат. Ошону менен бирге эле жапа тырмак жардам берип, колдон келген барын бере салган эл. Маселен каргашаны көрүп ооруп жатканыма карабай экс депутаттар менен Дача Сууга барып, эл менен жолугуп, ар бир үйгө кирип көңүл айтып, пенсияман он миң сом которуп бердим. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганыбыз менен жакындарын жоготкондорго канча берсек да ордун толтуруп бере албайбыз.

–Жаңы  баш мыйзам боюнча иштелип чыккан сот тармагындагы айырма тууралуу адис катары айта кетсеңиз

— Бул сот корпусун түзүүнүн, сотторду ким дайындайт, ким шайлайт, ким сунуштайт же сотторду тандоо кеңешинин укугуна киреби айтоор ар кандай өзгөртүүгө дуушар кылса болот. Же башкача айтканда жөнөкөй эле логикалык суроодон негизги суроо келип чыгат. Сот реформасы ким үчүн керек? Сот реформасын кимдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүп жатабыз?

Реформанын негизги максаты эмне деген суроого жооп беришибиз керек. Ар кандай реформанын эң башкы максаты бул элдин турмушуна таасир этүүчү рычагдарды жакшыртыш керек. Же жөнөкөйлөтүп айтканда Кыргызстандын жарандарынын укугу сот системасы аркылуу корголуп, адилеттүү чечим чыгарат деген ишеними болуп, элге пайдалуу болуп бере алган сот кызматын түзүү, мына ошондо сот реформасы жүрдү деп айтууга болот.

Мисалы 100 реформа өткөрбөсүн сотко барып, мыйзамда каралган тартипте, сот адилеттүүлүгүн күтүп, андан адилеттүү мыйзамда каралган укуктары корголууга сот көмөктөш боло алса, адилеттүү каралган мыйзамдар өзгөрүүлөрдүн чогундуусун алып чыксак реформа деп атайт элек. Элдердин сотко болгон ишенимин эл алдына алып чыгып, адам укугуна жана эркиндигине позитивдүү таасир берүүчү реформаны айтсак болот.

Анан жөн гана соттордун айлыгын көбөйтүп же азайтып, же соттордун кай бирлерин жоюп жиберүү менен реформа болду деген бул жөн гана жел. Андай кылган реформасынан карапайым калкка эмне пайда, эгер соттор миллиондоп же миң сом айлык алганы менен адилет чечим чыгарып бербесе ал реформанын кимге кереги бар?

–Дал ушул сот системасындагы аскер сотунун жоюлушу боюнча кандай пикирдесиз?

–Мен буга башынан эле каршымын. Бул боюнча маселе көтөрүп чыккан депутаттардын айтымында аскер соту аз иш карайт экен, ал эми башка соттордо иш көп, жөн эле айлык алып иштеп жатышат деген пикирге таянып жоюу демилгеси көтөрүлдү.

 [latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”82277″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Соттордун ишинин эффективдүүлүгү иш көп же азында эмес, аны менен ченелбейт. Эгер соттордо иш жок болуп калса, иш аз болуп калса  ал коомдун жакшырганы, коомдун көрсөткүчү. Анан жамандыр жакшыдыр погон тагынган аскерлештирилген уюм, контингенти бар демек аскерий иштерди жакшы билген ийне жибине чейин сырын биле турган аскер соту керек. Өмүрүндө аскердик тартипти билбеген, аскерге барбаган, курал жарак техникалык каражаттарды колдонуунун жол жобосун билбеген соттор кантип соттойт.

Мисалы аял соттор, аскердик сыр жана башка көптөгөн алар билбеген уставдар бар аларды бузган аскер адамдарын кантип соттошот? Маселен аял киши граждандык сот ал чекисттердин эмне иш кылып каяктан купуя сыр, иш кылып жаткандыгын билбейт. Алардын аскердик тартиптерин, чекисттердин иш алып баруусу тууралуу маалыматы жок кантип соттойт.

Аскердик сот экстремалдык    абалда иштегенге туура келет. Согуштун бетин ары кылсын, бирок кырдаал болуп калса, ошол согуш талаасына барып, соттук териштирүү жүргүзүүсү талап кылынат граждандык соттор кантип барат. Аскер коллегиясы деген бар, бизде погон тагынган кызматтар көп эле да ӨКМ, бажы кызматы, салык кызматы милиция дегендей алардын ишин анда аскер прокуратурасын жоюп граждандык прокуратура карасын жыйынтыгын бат эле көрүшөт.

-Маегиңизге чоң рахмат.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Аноним 4 Февраль, 2017 at 00:40 Жооп берүү

    Адилетсиз Аскер сотун Алла озу жазалады мен билем оздору билет Алла билет .аскер соттор ушуну окусанар менен созум эстерсинер 20ж каргыш жетер дегем 20кундо жетти ж.б.у.ж.

Пикир

он алты + 19 =