“Мегакомго” байланыштуу чатакка президент аралашып, артын тазалоо үчүн башкаларга жалаа жаап жатат дейт Текебаев

0

Каганат.

Белизден «Ата Мекен» фракциясындагы 3 депутаттын оффшордук компанияга тиешеси жок экендиги тууралуу жооп келди. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, Белизге расмий кат жөнөтүлүп маалыматтарды берүү үчүн кайрылышкан.

“Алар силердин компанияга эч кандай тиешеңер жок, андыктан силерге эч кандай маалымат берилбейт дешти. Белиздин мыйзамы боюнча эгерде биздин аталган компанияда акцияларыбыз болсо, анда компания бизге маалымат берүүгө милдеттүү болчу”,- деди Текебаев.

“Мегакомго” байланыштуу чатакка президент аралашканы, өзүнүн катышуусун жабуу максатында башкаларга УКМК аркылуу жалаа жабууга аракет кылып жатканын айтты эл өкүлү. Ошондой эле ал УКМК таап чыккан документтер жасалма экенин кошумчалады.

УКМК тараткан билдирүүдө 2010-жылы Максим Бакиевге таандык “Альфа Телеком” компаниясынын 51% үлүшүн алган Penwell Business Limited компаниясы акцияны биротоло өзүнө менчиктеп алуу үчүн 2010-жылдары кыргыз чиновниктерине ири суммада пара бергени, муну коопсуздук кызматы аныктап чыкканы айтылган. Бул иш боюнча УКМК “Ата Мекен” партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын катыштыгы бар деп жар салган болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × үч =