#Мен оюндамын, #деңиздеги кит же өспүрүмдөрдү суицидге чакыруу Кыргызстанга жетти

Каганат.

Орусиянын, Казакстандын аймагында социалдык баракчалар аркылуу өспүрүмдөрдү суицидге кыюуга түрткү берип, ошол эле учурда оңой жол менен акча табууга болот деген чакырыктарды таштаган оюндар кулачын жайгандыгы тууралуу маалымат тараган эле. Дал ошол өспүрүмдөрдүн өлүмүнө зар болгон оюн эми Кыргызстанга дагы келип жеткендиги тууралуу маалыматтар ар тараптан чыга баштады.

screenshot_2017-01-31-16-08-51

Оюнга “инстаграм” баракчасы аркылуу катталып, бир эмес бир канча админдер бар экендигин текшерүү иретинде жөнөтүп көрдүк, жабык иретинде кирген бул тайпада эгерде берилген тапшырманы аткарбай оюндан чыгып кетсе, анын жакындарын өлтүрүп кетээрин жана жашаган дарегиңди же кайсыл жактан кирип жаткандыгын билдирген билдирүү келээрин айтышууда. Алгач бул оюнду кабыл алуу менен алгачкы тапшырма кит менен адамдын сүрөтүн профилге жайгаштырууну орус тилинде “морекит” деген акаунт жөнөткөн. Сүрөттү койгондон көп өтпөй #морекитов хэштегин коюуу тапшырмасы келди. биз оюн тууралуу түшүнбөй жатканыбызды билдиргенибизде, бир канча сүрөттөрдү мисал кылып “домизоблаков” акаунту Алматыдан жөнөтүп, оюндун кызыктуу экендигин айтты. Бирок кандайдыр бир себептен улам көп өтпөй биздин жалган акаунтту блоктоп, жогорудагы акаунт өчүрүлгөн болуп чыкты.  Тактап айтканда ар кандай тапшырмаларды аткаруу менен бонус топтоо менен акчалуу болосуң деген алдамчы чакырык менен башталган оюндун аягы өспүрүмдүн психикасын бузуп, өлүмгө дуушар кыла тургандыгы билинди.

screenshot_2017-01-31-16-09-02

Албетте чырактай өмүрлөрдү алуу ким үчүн кызык жана, ким үчүн керек түшүнксүз. Бул оюндун башкы максаты эмне экенин дагы түшүнүп болбойт. Бул боюнча  баардык ата-энелерди балдарынын мобилдик телефондорун жүрүм турумдарын көзөмөлгө алуу муктаждыгы бар. Бул оюн кылып түзгөндөр IT айдыңында алдына киши салбаган хаккерлер, алар кайсыл аймактан кирип жаткандыгыңды же акаунт аркылуу даректериңди билип, жөнөтөөрүн адистер белгилешүүдө. Мындай коркутуудан улам өспүрүмдөр үй бүлөөмө зыян тийбесин деген кыязда өз өмурлөрүн кыюууга барышы толук ыктымал.

Болжол менен аталган оюнга кириптер болгон оюнчулар кадимки сүт эмүүчү ири сууда сүзүүчү киттин сүрөтүн, же кериктин сүрөтүн тартуу же дагы жана башка түшүнүксүз иштерди байкоосуздан кылып алдым деген сыяктуу шылтоо менен өспүрүмдөр ойноп жатканын социалдык баракчадан байкоого болот. Оюн орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн төмөндөгүдөй жазуулар кездешет: #морекитов,  #тихийдом,  #явигре, #разбудименя420. 

bez-nazvaniya

Мындай билдирүү бир гана инстаграмм эмес, вконтакте, ватсап социалдык баракчаларында дагы кулачын кеңири жайылтууда. Бул боюнча ИИМдин  кызматкерлери профилактикалык иштерди баштаганын, жана интернетке байланыштуу өлүмдөр Кыргызстанда каттала электигин билдирген. Ошону менен бирге эле ордо калаанын так ортосунда, тактап айтканда Чүй жана Панфилов көчөсүнүн кесилишиндеги киттердин жана кичинекей баланын сүрөтү түшүрүлгөн арт-сүрөт кандайдыр бир байланышы жокпу деген суроо дагы туулуда. Анткени бул арт-стриттин авторлору, чуулгандуу “Боом” капчыгайындагы сүрөттөрдүн да автору Сергей Келлер, Дмитрий Петровский. Сүрөт тартылып жатканда жалпыга маалымдоо каражжаттарынын бирине Сергей Келлер сүрөттү тартууга жеке тараптар көмөк көрсөтүп, каржылагандыгын айткан. Кызыгы бул сүрөт менен эмнени көрсөткүсү келген жана каржылоого эмне себеп болгон.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

14 + беш =