Президенттик аппарат: “Текебаев “адал акчаны морадерлуктан табылган акча менен чаташтырып жатат” 

Каганат.

Бүгүн, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин канча балыгы бар экенине кызыгып, президентке расмий кайрылуу жолдоп, байлыгы тууралуу маалыматты сурарын билдирген эле. Жооп көпкө күтүргөн жок.

«Ата-Мекен» фракциясынын лидерине тилеке каршы Атамбаев эмес,  Президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүн башчысы Алмаз Үсөнов жооп берди.

Алмаз Үсөновдун өз билдирүүсүндө, элди алдап кереги жоктугун, Атамбаев  Советтер мезгилинде эле байыганын эч качан жашырбаганын,  Муну ар бир кыргызстандык билерин айтат.

 Ошондой эле  Маалыматтык саясат бөлүмүн башчысы, Атамбаев  алгачкы миллиондорду жүз миңдеген нускада китеп чыгаруу менен иштеп тапканы, ал китептерди вагондоп Орусияга жана башка республикаларга жөнөтүп турганын, мамлекет башысы мындан сырткары ар кандай ишканалардын акцияларын өз элеринен сатып алганын, Атамбаевдин байлыгы адал экени билдирет.

Эске салсак, бүгүн маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевге тийешелүү деген  ишканаларын баарын иликтеп чыкканын, бирок ал ишканаларда Атамбаевдин эч кандай баалуу кагаздары жок экенин билдирген эле 

-Атамбаев “мен баймын, мага байлыкты Кудай берген” деп айтып жүрөт. Өмүрбек Бабанов бензин, Чыныбай Турсунбеков ун, Осмонбек Артыкбаев дары, Калыкбек Султанов үй куруу бизнеси менен байыды. Кыргызавтомаш”, “Автомаш-Радиатор” деген фирмалары бар экен. Бирок иликтеп чыксам ал ишканаларда Атамбаевдин бир да акциялык пайызы жок экен. Эң чоң акционер Черных деген адам жүрөт. Балким ал Кыргызстандын жараны эмес. Ал эми “Автомаш-Радиатор” Орусиядагы компанияга биригип кетиптир. Атамбаев бир кездери менчиктеп алган ишканаларын сатып жибериптир, учурда эч нерсеси калбаптыр-деди Текебаев.

Ошондой эле ал Салык инспекциясына, Социалдык фондго да кайрылып, Атамбаевдин мамлекетке төлөгөн салыктары тууралуу маалымат алуу үчүн атайын суроо-талап жөнөткөнүн белгиледи.

-Атамбаевдин көп байлыгы 2010-жылдан кийин пайда болуптур. Ал кишинин бизнесинин сырлары ачыла турган күн жакындап калды. Быйылкы жыл Ыйман жылы деп жарыяланды. Президентке расмий түрдө кайрылам, быйыл ыймандай сырыбызды ачуу менен баштабайлыбы? Жомоктогудай байлыкты кайдан таптыңыз, мамлекетке канча салык төлөдүңүз, канча кишини иш менен камсыздадыңыз?- деди Текебаев.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

13 − он бир =