УКМК: “Аида Салянова чакырылган суракка келген жок”

Каганат.

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына чакырылган суракка келген жок. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Аталган кызмат азыркы «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова бүгүн саат 16:00дө чакырылган суракка келбегендиктен, ага кайрадан чакыруу кагазын жиберишерин кабарлайт.

-Мыйзамдарга ылайык депутатка чакыруу кагазын кайрадан жиберебиз. Сурак качан болору белгисиз – деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Бирок Аида Салянованын адвокаты массалык маалымат каражаттарына Салянова расмий чакыруу келгенде гана ал суракка барарын билдирди.

Эске салсак, бүгүн Аида Салянова 16.00гө УКМКнын сурагына чакырылган.  Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште өткөн басма сөз жыйынында да билдирген.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жанында Салянованын тарапташтары чогулуп, митинг өткөрүштү.  Алар Аида Салянова Жогорку Кеңеште экенин билдиришкен.

Башкы прокуратура 2016-жылдын 26-декабрында Аида Саляновага карата юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон.кылмыш ишин козгогон.

Ал эми Салянова бул иш үчүн кылмыш ачууга негиз жоктугун белгилейт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 + төрт =