Универсиада-2017: Орусия алдыда

0

Каганат.

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиада оюндарында үч күндүн жыйынтыгында  Орусия медалдар боюнча алдыда. Бул тууралуу  мелдештин расмий сайтында жайгаштырылды. Учурда Орусиянын спортчуларынын капчыгында  жалпы 12 медаль бар.   

Ал эми Кытай спортчулары 2 алтын, бир коло медаль менен 2-орунда.  Ошондой эле Казакстан 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен 3-орунда келе жатат.

 Белгилей кетсек, Кышкы Универсиадада оюндарына  кыргыз өлкөсүнүн атынан 10 спортчу катышууда. Кыргызстандык үч спортчубуз лыжа жарышы боюнча ийгилик жаратыша алышкан жок.  Ал эми калган оюнчуларыбыз алдыдагы мелдештерге чыгышат.

Оюндун жабылыш аземи 8-февралда болот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 1 =