Жакшылык менен Султанга жардам берүү максатында кайрымдуулук концерт өтөт

Каганат

Учак кырсыгынан жетим калган Жакшылык менен Султанга жардам берүү максатында кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, 7-февралда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Султан Абакиров жана Жакшылык Шералиевге жардам берүү максатында кайрымдуулук концерти өткөрүлөт. Концертти Kyrgyz Union уюштурууда.

Кайрымдуулук концертинде А. Джумахматов атындагы симфониялык оркестр, классикалык музыканын жылдыздары катышат.

Концерттен түшкөн каражат Султан Абакиров менен Жакшылык Шералиевге берилет.

Эске салсак,  16-январда Бишкектин четиндеги  Дача-Суу айылында учак кыйрап 40ка жакын адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында Жакшылык менен Султандын ата-энеси да бар.  Азыр эки бала тең туугандарынын үйүндө жашап жатышат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 5 =