Жашоодо бактылуу өмүр сүргүңүз келсе…

Каганат.

“Мунун  мага эмне кереги бар” деген суроону адамдар өзүнүн жашоосунда көп беришет.  Тагдыр өз каарын салып татаал.  Ошентсе да жашообузда болуп жаткан ар кандай кыйынчылыктан чыгуунун жолдору бар экендигин эсиңизге салабыз.  Андыктан кайгыруунун кажети жок болсо керек. Эгерде сизге  ийгилик жылмайбаса эч кабатыр болбоңуз  ал сиз  менен. Болгону сиз аны туура пайдалана билүүңүз керек.  Андыктан баардык көйгөлөрдү унутуп, сиз бактылуу жашоодо өмүр сүргөнгө дем  берген кеп кеңештерди назарыңыздарга сунуштайбыз.

1) Кубаныч.  Азап тартуу, кыйналуу, бул сизге пайдасын тийгизбейт. Адам кайгы тартуу үчүн эмес бакыт үчүн жаралган. 

2) Дүйнөгө  жардам. Өз талантыңды колдон. Жакын адамдарыңа жардам кыл. Дүйнөгө жардам кылуу менен сен өзүңө жардам берген болосуң.

3) Сүйүү. Канчалык көп сүйүү, жаркылдоо, күлүңдөө ошончолук сенин жашооң жарык болот.  Мындай сүйүү мээрими менен сизди курчап жүргөн жакындарыңыздын да жашоосу жакшы болооруна ишенип коюңуз. Ошондой эле бул жөнөкөй мыйзам сизди кыйынчылыктан тез арылтууга жардам берет. Ар бир адам сүйгөндү билет эмеспи. Сен сүйүүңдү башкаларга  арнасаң, ал сага ошончолук сүйүү менен кайтып келет.

 4)  Кокустуксуз эч нерсе жок. Бул жашоодо окуясыз эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Жашооңдо жакшы да жаман да  сен күтпөгөн окуялар, кокустуктар болушу  мүмкүн. Андыктан жалаң жакшы нерсе кылганга аракет кыл.

5) Жакшы нерсени ойлоо. Эгерде сенде ишеним, үмүт сүйүү бар болсо анда жалаң жакшы нерселер менен гана сенин жашооң көбүрүп-жабырып турмакчы. Жаман ойлор менен  жашоонун да маңызы жок.

6)  Сабырдуу бол. Ар дайым сабырдуу болуңуз!  Сабырдуулук менен гана бактылуу боло аласыз.

7) Ишеним. Эгерде сенде “баардыгы жакшы болот” деген ишеним болсо дал ошондой болмокчу. Ишеним бул күчтүү кыймылдаткыч курал десек болот.  

8) Өзүңдү ук.  Эң башкысы жүрөгүң эмне деп жатканын туюп сез. Ошондо гана убакыттын өтүшү менен сен кызыккан баардык суроолордун жообун ала аласың.

9)Үмүт кыл.  Эгерде жашооңдо ката кетирсең да,  сенде үмүт  жана ишеним болуш керек. 

10)  Башкалардан көрбө. Эгер сен башка бирөөлөр туурасында сөз кылып ушактасаң, сен жөнүндө да башкалар сөз кылып ушактайт.  Ал эми кимдир бирөөлөрдү алдаган болсоңуз,  качандыр бир убакта   сени да бирөө алдаарын унутпа. Андыктан башкаларга жакшы мамиле кыл. 

 11) Өзүңдү   күнөөлөбө. Кандай кыйынчылык болбосун адамдар ага өздөрүн күнөөлөшөт. Жаман ойлор, таарынчтар оройлук, туура эмес чечим жашооңузду терс  жагына гана өзгөртөт. Андыктан бул көрүнүштөн алыс болуңуз.

12) Гүлдөө. Бул жашоодо татыктуу жашап өтүш үчүн сенде баары бар. Бул келген жашоодо ар бир күндү маңыздуу өткөргөнгө  аракет кылыңыз. Ал сиздин колуңузда.

 13)Боорукер бол! Сага жамандык кылгандарга жакшылык менен жооп кыл. Эч качан алардай болбо.

14) Өзүңдү-өзүң өстүрүү менен алектен.  Эгерде өзүңүздү  өстүрбөсөң,  өзүңө душман болосуң.  Өнүктүрүнүү токтотуу бактысыздыкка алып келет.  Ар дайым керектүү нерселер менен өзүңүздү сугарып турууну да унутпаңыз.

15) Эмне үчүн?Эмнеге?  Баардык кыйынчылыктар жашоодо сага сабак болот.   Ар кандай арга менен бул жашоодо бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүң бар. Эгерде сенде үмүт ишеним бар болсо бул жашоо сага бактылуулук тартуулайт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 + 6 =