Жеңиш Разаков: “Укук коргоо органдарынын криминал менен бириккен учурлары бар”

0

Каганат.

Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 30-январда, өкмөттүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын караган жыйынында, 2016-жылга укук коргоону чыңдоо жана өнүктүрүү иши боюнча жана чек ара аймагындагы кызматташтыктыкты өнүктүрүүдөгү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, 2016-жылы «Ишеним жана биримдик» программасын ишке ашыруу боюнча укук коргоо органадырынын жана куралдуу күчтөрдүн линиясы боюнча 121 иш чара каралган, алардын ичинен 71 аткарылып, 50 аткаруу стадиясында.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”82307″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Жеңиш Разаков өлкөдө коомдук-саясий абал турукташып калганын, кылмыштуулуктун саны 27481 түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 1619 фактыга кыскарганын билдирди.

Ошондой эле ал укук коргоо органдары тарабынан 2016-жылы жалпы 3 млрд. 270 млн сомдук кылмыштуулуктун кесепетинен келтирилген материалдык зыян аныкталып, 2015-жылга салыштырмалуу 878 млн сомго көп болуп, 44% өндүрүлгөнүн кошумчалады.

Вице-премьер-министр уюшкан кылмыштуулук боюнча күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын айтты. Ал укук коргоо органдарынын криминал менен бириккен учурлары бар экенин жана андайга жол бербей, катуу чараларды көрүү керектигин эскертти.

Бирок, кыргыз саясаттында  кимдир бирөөлөрдүн “огородуна” таш ыргытылып, бирок алардын аты-жөнү ачыкталбай оозу менен гана орок оргондор көбөйүүдө. Анын сыңарындай Разаков дагы конкретүү далилдер менен ачык эч кимдин атын атай алган жок. Ошондой эле уюшкан кылмыштуулук боюнча күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын айтты, бирок, кантип? Жолдорун айткан жок.

Эске салсак, 2016-жылдын аягында орус басылмалары менен тажик оппозициялык маалыматтык агенттиги Жеңиш Разаков тууралуу “Тажикстандын бийлиги ишенип жаткан УКМКсынын башчысы генерал-лейтенант Ятимов Саймумин Кыргызстандын вице – премьер министри Жеңиш Разаков менен тыгыз иш алып барып жатышы, Жеңиш Разаков тажик чекисттеринин Кыргызстандагы агенти. Эч пайда келтирбеген Жеңиш Раззаков үчүн тажик бийлиги бир канча акчаларды төлөп берүүдө” деп жазып чыгышты эле. Разаковдун бул билдирүүсү дал ушул маалыматты эске салат. Анткени, балыкчы-балыкчыны алыстан тааныйт эмеспи…. 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз + 2 =