Балыкчы—Корумду жолунда иштегендердин айлыгы берилбей жатканы депутатты нааразы кылды

0

Каганат.

Балыкчы—Корумду жолунун курулушунда иштеген жумушчулардын айлыгы берилбей жатканы боюнча ЖКда маселе көтөрүлдү. Депутат Максат Сабиров бул маселеге байланыштуу маалыматты ЖКнын жыйынында угуу сунушун берди.

Айтымында, жумушчулар суукка карабай иштешкени менен 3 айдан бери эмгек акысын ала албай келишет.

“ММКларда жана эл ичинде бул маселе бир жумадан бери талкууланып келет. Жаңы министр келгенден бери каражат бөлүнгөн эмес”,-деди эл өкүлү.

Сабиров ошондой эле Транспорт министрлигине жаңы министр келип «Лонг Хай» компаниясы ишти улантпоосун каалап анын ордуна China Road компаниясын алып келүү аракеттери болуп жатканы тууралуу кептер айтылып жатканын кошумчалады.

“Биз мурунку министр уурдаганы жатат деп жаңысын шайладык эле. Бул министр миллиарддарды алуу үчүн келдиби?”-деди Сабиров.

Депутат Финансы жана Транспорт министрлигинин маалыматын угуу сунушун берди.

“Ысык-Көл облусундагылар Жогорку Кеңешке келебиз деп жатышат. Өкмөт бул маселени чеч албаса жардам берели. Туризм тууралуу кышында унутуп калабыз, эртең ызылдап чыгабыз, азыр жолдордун абалын көрсөңөр коркуп кетесиңер. Март-апрель эртең эле келет”,-деди депутат.

Өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Аширбек Темирбаев 30-январда өкмөттө бул маселе каралганын жана Транспорт министри Жамшитбек Калиловдун маалыматы угулганын айтты.

Ошондой эле финансы министри Адылбек Касымалиевге тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + 16 =