Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш иши боюнча сот чечими чыгат

Каганат.

Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Дайырбек Орунбековдун иши  каралып жатат. Бул акыркы соттук отурум.  

ИИМ Дайырбек Орунбековго президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сурабай, мамлекет башчы тууралуу жазган макаласынан баш тартпай, 2 млн сом доо арызды төлөбөй жатат деген негиз менен кылмыш ишин ачкан.

Д. Орунбековдун айтымында Бишкектин Аламүдун райондук сот аткаруучулары Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү берип,   журналисттин үстүнөн кылмыш ишин козгоону суранган. Орунбеков бул тууралуу сот аткаруучулардан укканын, кылмыш иши 338-берене – “Сот чечимин аткаруудан баш тартуу” боюнча козголуп жатканын айтат.

 -Сот мага милдеттендирген 2 миллион сом моралдык чыгымды төлөп, президент Атамбаев жөнүндө жазган макаламды төгүндөп, андан кечирим суроо боюнча чечим чыгарган.

Булар ошол экинчи пункт боюнча “Кечирим сурабай, жазган макаласын төгүндөбөдү” деген күнөө менен кылмыш ишин козгоп жатышат- дейт айыпка жыгылган журналист.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”57782″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Журналистке коюлуп жаткан 338-берене боюнча айыпталган адам 2 жыл эркинен ажыратылат.

 Эске салсак, Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрь “Мaalymat kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жайгаштырган. Анда Ош окуясына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлө баштап, журналистке каршы миллион сомдук доо коюлган. Кийинчирек  сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы 1 млн. сомго көбөйткөн. 

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

үч × үч =