Рекс Тиллерсон АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына бекитилди

0

Каганат.

Рекс Тиллерсон АКШ Сенатынын колдоосун таап, мамлекеттик катчы кызматына бекитилди. Анын талапкерлигин 56 сенатор колдоп, 43ү каршы добуш беришти.

Тиллерсон Мамлекеттик департаменттин 69-башчысы болуп калды. Буга чейин ал ExxonMobil мунайгаз корпорациясын жетектеген. Ондогон жылдардан бери Кошмо Штаттардан мунай экспорттоого салынган тыюунун алынышын жана суюлтулган газды экспорттоо боюнча долбоорлорду колдоп келген.

2016-жылы 13-декабрда Тиллерсон Дональд Трамп тарабынан америкалык дипломатиянын башчысы кызматына көрсөтүлгөн. Орусияга каршы санкциялар киргизилгенге чейин анын Exxon Mobil компаниясы «Роснефть» орус корпорациясы менен бир канча биргелешкен долбоорлорго ээ болгон жана чектөө чараларынан кийин кыйла көп чыгашага дуушар болгон.

Эксперттер кызыкчылыктар кагылышы ыктымалдыгына байланыштуу Тиллерсондун талапкерлигине карата түрдүү бааларын беришүүдө. Бирок ал Сенаттагы угуулардын жүрүшүндө чектөө чараларын жана «Магнитский мыйзамын» колдой турганын билдирген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 + жети =