Бабанов башка кайыка секирдиби же эки тоонун чөбүн эңсеп жатабы?

Каганат.

Кечээ спикерге ишеним көрсөтпөй, өкмөттүн тагдырын фракция жыйынында чечебиз деген Республика- Ата Журт фракциясынын лидери Өмурбек Бабанов айткан сөзүн кайра артка алды. Фракция жыйынында өкмөт боюнча кандай чечим кабыл алат деп күткөдөргө Бабанов мен болгону Скрябинадагы 1,2 гектар жерди берип салган өкмөттүн мүчөсү Тайырбек Сарпашевдин иш9и боюнча гана айткам деген таризде жооп узаткан Бабановко жакаңды кармап тобоо дебеске айлаң жок.

Кечээ оозу мурду кыйшайбай “өкмөт силердин тагдырыңарды фракция жыйынында чечебиз деп айткан Бабанов бүгүн өкмөт дагы иштеши керек көрсөтсүн азыр эрте аларды таркатууга деген оюн ортого салгансыган Бабанов бир күндүн ичинде 180 градусска ою өзгөрүлүп кеткенине таң калбай деле койсок болот. Ишкерлик менен шугулданып жүрүп, шайтанды да алдап кеткидей амалы бар Бабановдун дымагы Президент болуу экендиги баарына эле белгилүү. Дал ушундай Президент шайлап алсак анда  үч Президенттен дагы өтүп “маарыган” экенбиз.

Бирок жогорудагыдай жоругу менен саясатта эркекчилик жок кызыкчылык гана бар деген кепти Бабановдун кыймыл аракети дал келип жаткандай. Жетинчи кабат менен иштешпей оппозиция болуп көрүнүмүш эткен Бабановко кыязы жогору жактан ушундай тездик менен чалуулар болгон окшойт. Кечээки байланбас “ахалтекиндей” жулунган Токтогулович бүгүн санда байланган бээдей эле момурайып калыптыр.

Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

беш + он эки =