“Пугачёв көтөрүлүшүндөгүдөй” саткынчылыкты КСДП кылып жатабы?

Каганат.

Бир эле учурда үч партиянын лидери чыгып, өкмөт жана спикердин ишмердүүлүгүн кескин сынга алуусу менен жаз айларына жетип жетпей чоң өзгөрүүлөрдү алып келүүсү толук мүмкүн. Себеби парламенттеги оппозицияда калган Өнүгүү, Ата-Мекен, Республика фракцияларынын кескин мындай кадамы министрлер кабинетин солгудатып жиберди. Ошону менен бирге эле аткарган иштери жок, кудай буюрса жасайбыз деген куру сөздөр менен депутаттарды жооткотуп келе жатканын Өмүрбек Текебаев белгиледи.

Эгерде логикалык жаткан алып карап анализдей турган болсок саясий оюн болуп кетишине дагы толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени аталган үч фракция алдын ала сүйлөшүү менен министрлик жана башка орундарды чечишип алып, көпчүлүк коалицияны ыдыратып, кийинки коалицияны куроо аракети бар. Муну менен алдыдагы боло турган Президенттик шайлоодо Президенттин күчүн алсыратып, “мураскер” операциясын бүлгүнгө учуратуунун бирден бир жолу болушу толук мүмкүн. Тар чөйрөдөгү жер тыңшаарлардын айтымында кийинки “мураскер” катары азырынча Сапар Исаковдун талапкерлиги болуп жатат имиш.  Бирок экинчи версия боюнча өкмөт башчы Соорнобай Жээнбековдун өкмөтүнө азууларын көрсөтүшү Президенттин дарегине карата көрсөтүлгөн тап берүү болушу ыктымал. 

Ал эми экинчиден Бабановдун спикерликтен алуу демилгеси 7- кабат менен тымызын сүйлошүү болгон болушу ыктымал. Анткени мындан бир ай мурун эле Чыныбай Турсунбековко карата  өз партиялаштары акараат келтирип, биринчи чабуулду баштаган эле. Бул ирет спикерди алуу менен спикерликке Иса Өмүркуловду же Аалы Карашевди алып келүү максатында бул ишти Бабановдун колу менен жазоону чечишкен. Же ошол эле КСДПнын тың чыкмалары Чыныбай Турсунбековду иштен алуу аракетин оппозициядасың деп Бабанов менен келишип алуусу мүмкун эмес деп айтуудан дагы алыспыз. 

Орустардын тарыхындагы Пугачёвдун көтөрүлүшүндө 1774-жылы казак-орустардын башчысы Емельян Пугачёв жеңишке жетээр алдында, өзүнүн эле ишенимдүү адамдары сатып, өз билгендерин кылуунун натыйжасында Царицын чебинин алдында жеңилүүго дуушар болшуп, ошондон тарта Пугачёвдун чогулткан аскер-казактарынын жеңиштери бүт Петр Федорович тарабынан тартылып алына баштаган. Башкача айтканда бул тактиканы кадимки Суворов жүргүзгөндүгү айтылып келет. Анын сыңары Атамбаевдин тарапташтары дагы шайлоо алдында ар кимиси өз билгендерин кылуу менен бүлгүнгө учуратып жаткандай сезим калтырат. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 + он алты =