Жогорку Кеңештин эки депутаты Трамптын сый тамагына катышты

0

Каганат.

Жогорку Кеӊештин депутаттары Гүлкан Молдобекова (КСДП фракциясы) менен Сайдулла Нышанов («Ата-Мекен» фракциясы) 1-3-февраль күндөрү АКШнын Вашингтон шаарында жумушчу иш сапар менен болду.

Иш сапар АКШ Конгресси тарабынан уюштурулуп, АКШ Президенти Дональд Трамп, АКШ вице-президенти Майк Пенс, АКШ Өкмөтү менен АКШ Конгрессинин мүчөлөрү, ошондой эле дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн келген ишкерлер менен диний уюмдардын өкүлдөрү катышкан ар жылы өткөрүлүүчү Улуттук сыйтамактын алкагында жүрдү. Жогорку Кеӊештин эки депутатынан тышкары, сыйтамакка кыргыз тараптан Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө депутаттар АКШ Конгрессинин Өкүлчүлүк палатасынын «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиясынын жетекчилери – конгрессмендер Питер Роскам жана Дэвид Прайс менен жолугушуп, парламенттер аралык алакаларды жандандыруу жаатында пикир алышты. Ал эми конгрессмендер Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтө тургандыгын айтышты.

Эске салсак, Улуттук сыйтамак ар жылдык иш-чара болуп саналат. Ал 1953-жылдан бери февраль айынын алгачкы бейшемби күнү АКШ Президентинин катышуусунда Вашингтон шаарында өткөрүлүп келет. Сыйтамак дүйнө өлкөлөрүнүн саясий, диний, бизнес элитасынын өз ара байланышын чыӊдоо максатын көздөйт.

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − тогуз =