ӨКМ: Атайын эсепке 70 млн сомго жакын акча түштү

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,  өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине бүгүнкү күнгө карата  69 млн 298 миң 923 сом 61 тыйын түштү.

  Дача-Суу айылындагы учак кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам катары акча которуулар дагы деле уланууда.  

Ал эми гуманитардык жардам чогултуу 1-февралда токтотулган  болчу.

Белгилей кетсек, учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү максатында банктан атайын эсеп ачылган. Ага дүйнөнүн баардык бурчунан жардам көрсөтүүгө болот.

Эске салсак, 16-январь күнү Бишкектин четиндеги Дача-Суу кыштагында учак кулап 39  адамдын өмүрү кыйылган. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү.   Ошондой эле  20 дан ашуун үй жарактан чыккан.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

12 + төрт =