Депутат: Акылдуу эсептегичтерди койдурууну демилгелегендер жоопко тартылышы керек

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин жыйынында акылдуу эсептегичтер боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Кожобек Рыспаев акылдуу эсептегичтерди коюу демилгесин көтөргөн адамдарды жоопко тартуу сунушун билдирди.

Айтымында, карапайым калктын арасында буга байланыштуу нааразычылыктар күч алууда. Айрымдарга эсеп аз келсе, кээ бирине көп келип жатыптыр

“Эмнеге башынан тарта эле бирдиктүү сервер болгон эмес? 115 миң акылдуу эсептегич орнотулуптур, бирок жумуштан 21 гана текшерүүчү кеткен. Акылдуу эсептегичтер коюлса текшерүүчүлөрдүн саны кыскарат деп айтылбады беле?”-деди эл өкүлү.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × бир =