Сирия түрмөлөрүндө массалык дарга асуулар болгону айтылды

0

Каганат.

“Эл аралык мунапыс” (Amnesty International) укук коргоо уюму Дамасктагы Сайеднайя түрмөсүндө массалык түрдө өлүм жазасы ишке ашырылып жатканын билдирүүдө.

Уюмдун баяндамасында айтылгандай, 2011-2015-жылдар аралыгында Асаддын бийлиги көзөмөлдөгөн түрмөдө жума сайын 20-50 киши дарга асылып турган. Ажал тапкандардын жалпы саны 5 миңден 13 миңге чейин жетиши мүмкүн. Баяндаманын авторлору дарга асылгандардын сөөктөрүн түрмөнүн сыртына алып чыгышып, чоң көр казып чогуу көмүп салышканын ырасташууда.

“Эл аралык мунапыс” баяндама 84 күбөнүн көрсөтмөсүнүн негизинде жазылганын баса белгилейт. Алардын арасында мурдагы кароолчулар, соттор, жактоочулар жана камактан чыккандар бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт + 8 =