Тилек Найманбаев, опера ырчысы: “Элди алдай албаган гана инсандар опера ырчысы болот”

Каганат.

Тилек мырза, опера жанрын тандооӊузга эмне себеп болду?

-Кичинекейимен музыкага кызыгып, гитарада окуп, анча-мынча ырдап да жүргөм. Жалал-Абадда маданият техникумунда окуп жүргөнүмдө  Садыр Жумашев агайыбыз микрофондон 1 метр алыс туруп ырдаганын көрүп, адамдан да ушундай бийик үн чыгабы деп таң калчумун.

Андан сырткары теледен Болот Миӊжылкиевдин, Керим Тураповдун фильмконцерттерин кызыгып көрчүмүн.  Аларды көрүп опера ырчысы болгум келчү. Оштогу  Консерваториянын филиалынын Вокал бөлүмүнө  тапшырып ырдай баштаганда чыныгы операны түшүндүм.  Алишерова Зинаида Өтөгөновнанын колунда окудум. Ырдасам колдон келчүдөй экен.

Ош шаарында иш чаралар болгондо бизди чакырып калышчу. Иш чараларда ырдап жүрүп Оштун мэри менен таанышып калдым. Исаков Жумадыл Ырысбаевич  мага колдоо көрсөтүп Бишкекке жиберген. Бул жака келип Кыргыз Эл артисти Талгар Жакшылыковдон сабак алып, 2 жыл аспирантураны окудум. Акырындык менен театрдын өзүнүн мектебинен кичинекей партияны ырдап отуруп азыркы деӊгээлге жеттим.16523620_1422766681097988_1878072575_o

-Ырчынын ырчы болуп калыптанышына устаттын   канчалык таасири бар?

– Бул жерде устаттын таасири абдан чоӊ. Учурда Кыргызстанда опера ырчысынын үнүн туура коюуда бир аз аксап турабыз. Биздин устаттарга кыйын мугалимдер сабак берип кетишкен экен. Ошол эле убакта еврейлер да билим бериптир.  Биздин Кыргызстандын деӊгээлинде изденип аракет кыласыӊ. Агайлар колдон келишинче жардам берип жатышат.

Бирок, Россияга, Италияга барып окуп келгендегидей деӊгээлде үйрөтө албайт. Мындан 2-3 жыл мурун Түрксой Эл аралык уюмунун чакыруусу менен опера күндөрүнө барып Бурчин Севине деген Италиядан окуп келген опера ырчысы менен чогуу бир концертте ырдап, вокал боюнча сабак алганы жетишип калдык. Түрксойдун төрагасы Касеинов Дүйсен Курабаевич  биздин үнүбүздү угуп, силерге жардам берем деп калган.  Кийин Бурчин Севинеден бир айга бекер сабак өтүп бергенге мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ошол жактан жакшы билим алып келдим.

– Опера ырчылары Италиянын “Ла Скала” театрынын сахнасында ырдоону кыялданып келишет эмеспи, ырчылык өнөр менен кайсы ири мамлекеттердин опера жана балет театрларында ырдоо бактысы сизге  туш келди?

– Казакстандын Абай атындагы Опера театрынын залында өмүрүмдө биринчи жолу 2009-жылы Түрксой тарабынан уюшулган “Көр-оглу” деген операсында ырдадым. Чоӊ зал экен.

Андан кийин Анкара шаарынын Опера балет театрында, андан кийин Азербайжанда, Кытайдын Пекин, Гуанчжоу шаарларына барып ырдап келдим. Жазда СССРдин эл артисти Надежда Обухованын элесине арналган конкурс Липецк шаарында болду. Ошол конкурста 2-орунду багындыруу менен бирге филармониясында ырдап калдым.  Буюрса “Ла Скалага” барып ырдай турган күн да алыс эмес чыгаар.

–  Кайсы опера ырчысы менен дуэт ырдагыӊыз келип жүрөт?

– Лучиано Поваротти менен ырдагым келчү, тилекке каршы ал кишинин көзү өтүп кетти. Негизи тенор үндүү болгондон кийин сопрано менен ырдаган жакшы. Дүйнөдөгү эӊ алдыӊкы ырчылардын бири Анна Нетрепко менен ырдагым келип жүрөт.  Роберто Оланьинин ырларынан таасирленип келем. Биздин Жеӊиш Ысманов деген ырчыбыз Италияда окуп жүрөт, ал жигит да укмуш ырдайт.

1023909148

 Кайсы партияда ырдагандан руханий эргүү аласыз?

– Джозеппе Вердинин “Травиата” деген операсында Альфреддин ролун аткарган мага абдан жагат. Ошол драманы кино катарында көргөнүмдө абдан таасирленгем.  Ошондуктан, Альфреддин ролун таасирленип образга кирип аткарам.

–  Кыргыз операсынын чыныгы жүзү Болот Миӊжылкиев эмес беле. Азыркы опера ырчыларынын арасында Болот агайдай ырдагандар барбы?

-Болот Миӊжылкиев агайыбыздын чыгармачылыгындагы өсүү доору абдан жакшы убакка туура келген. Ошол  убакта Күлипа Кондучалова эжебиз маданият министри болуп турганда Болот агайдын чыгармачылыгын баалап көтөрүшкөн.  Сиз айткандай азыр деле Болот агайдын деӊгээлиндей ырдаган балдар бар. Бирок, колдоо жетишпей жатат.

Болот агайдын деӊгээлиндегидей ырдаган Жеӊиш Ысманов  деген жигитибиз Италияда ырдап жүрүп жакында эле Лучиано Паваротти атындагы сыйлык алды. Мисалы аны мамлекеттик деӊгээлде жакшы баа берилиш керек эле, бирок көӊүл сыртында калганы өкүндүрөт. Укмуш ырчылар артта калып, 1-2 ырын фонограмма менен ырдаган ырчыларга наамдар ыйгарылып жатканына кичине өкүнүп кетем. Бир операда 3 сааттын 2 саатында тынбай ырдайсыӊ. Ошол деӊгээлде ырдаш абдан татаал.

-Опера ырчылары шоу жылдыздарын теӊине албагандай сезиле берет…

getimage

-Элди алдай албаган гана инсандар опера ырчысы болсо керек. Себеби көп жылдык мээнетти талап кылган, аябай татаал, анын үстүнө азыркы учурда финансалык жактан пайдасыз жумуш да.

Микрофон жок чоӊ залга үндү жеткире ырдаш керек болот. Эстрадада деле мен арасынан сыйлап, ырларын угуп жүргөн деле ырчылар бар. Кайрат Примбердиев укмуш үнү менен конкурстарга барып ырдап келип атат. Бирок, алардын арасында 1-2 ыр жаздырып алып болгон жерде фонограмма менен ырдаган балдарды сыйлабай кетем. Менин түшүнүгүмдө ал туура эмес нерсе. Тойлорго барганымда жандуу ырдап келем.

– Эмне үчүн биздин операга болгон кызыгуубуз анча эмес?

-Биринчиден, биздин Опера жана балет театрынын иштөө системасы СССР убагындагы боюнча калган. Келдиӊ, ырдадыӊ, кеттиӊ. СССР убагында чоӊдорду операга баргыла деп театрга алып келишчү да. Азыр зордоп бирөөнү операга же балетке алып келе албайсыӊ. Кааласа келет, каалабаса келбейт. Ырчылар тааныштарын чакырып кичинеден публика топтоп келе жатабыз. Экинчиден, элдин турмуш тиричилиги кичинеден оӊолуп, бир нукка түшүп келе жатпайбы. Финансылык стабилдүүлүк орноп, эл да жакшы эс алганды үйрөнүп, эс алуу жолун издей баштайт. Ошондо эл Опера балет театрына келип опера көрүп эс алгандан рахат ала башташат.

  Үнүӊөр менен жан сактап жаткандан кийин жакшы бапестейт болушуӊар керек?

2015-09-29_04-51-26_997796_w

-Албетте, үндү бапестебесек болбойт. Балмуздакты, жебейбиз. Көп убакыт ырдаганда ысыгыраак суу ичебиз. Үн байламталары ысып турганда муздак сууну ичсеӊ чокко муздак сууну чачып жибергендей болуп үн байламталар үзүлүп кетиши мүмкүн. Ачуу жебегенге, газдуу суусундуктарды ичпегенге, эрте уктап, көп сүйлөбөй, көп эс алганга аракет кылабыз.

– Опера ырчысынын айлыгы менен үй-бүлөнү багып кетсе болобу? Мамлекет тараптан силерге кандай жеӊилдиктер берилет?

-Өкмөт тарабынан жеӊилдиктер деле жок. Айлыгыбыз 5 миӊ сом болчу. Быйыл апрелде директорубуз Болот Осмонов Президентти “келип театрыбызды көрүп кетиӊиз”, -деп чакырып Президент келди.

Айлыгыбыз 5 миӊ болуп атат деп түшүндүрүп, айлыктарды 100 пайызга көтөрүп азыр 10 миӊ алып калдык.  Өзүӊөр билгендей, он миӊ сом менен бир ай үй-бүлөнү багыш кыйын. Кээде анча-мынча тойлорго чыгып кошумча каражат таап турабыз.

 Айлыктын аздыгынан бизде жакшы кадрлар сыртта иштеп жүрүшөт. Эгер сизге да чет жактан жакшы сунуштар түшсө кетмексизби?

– Эгер жакшы сунуш түшсө барып иштеп келмекмин. Чыгармачыл киши бир жерде туруп иштөөгө болбойт. Башка жактан  тажрыйба топтоо максатында барып иштеп, ырдап чоӊ партияларды дүйнөлүк ырчылар менен ырдоону максат кылып жүрөм.

-Эӊ биринчи угуучуӊуз ким? Келинчегиӊиз сиздин партияларга келип турабы?

-Келинчегим экөөбүз Ошто Кансерваторияда чогуу окуганбыз. Чыгармачыл инсанды чыгармачыл адам гана түшүнбөсө башка адам түшүнбөйт болуш керек. Учурда экөөбүздүн бир кызыбыз бар.

Сиз айткандай биринчи угуучум келинчегим менен кызым. Мезгил-мезгили менен мен аткарган операларга келип көрүп, өз оюн айтып турат. Апам-атамдар бул жакка келгенде спектаклдеримди көрүп турушат.

–  Опера ырчыларынын ортосунда деле атаандаштык, конкуренция деген нерсе болобу?

-Ооба, конкуренция болмоюнча жакшы натыйжа болбойт. Бир партияны отуруп үч-төрт бала жаттайбыз. Кимибиз жакшы ырдап, даяр болсок спектаклге чыгабыз. Ошон үчүн колдон келишинче ар бир нотасын жеткире ырдап жакшы жагынан атаандашабыз. Кээ бир учурларда көрө албагандар деле болот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 2 =