Каныбек Иманалиев: “Жашың өтүп калыптыр жаш жигитке чуркап барган уят…”

Каганат.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Ата Мекен фракциясы жана бир канча депутаттар депутат Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизип жатып, депутат Каныбек Иманалиев менен Президенттин Жогорку Кеңештин өкүлү  Модакун Абдылдаев менен кер-мур айтыша кетти. Депутаттык комиссия түзүү боюнча пикирлерин эл өкүлдөрү билдирип жатканда Президенттин өкүлү КСДП партиясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровго баргандыгын депутат Иманалев туура эмес экендигин төмөндөгүчө билдирди.

Депутат Каныбек Иманалиев УКМК эмнеге Аида Салянова Президенттин өкүлү болуп турганда иш козгогон эмес, эмнеге башкы прокурор болуп турганда иш козгогон эмес, эмне үчүн бош үйүндө жатканда иш козгобой, Ата Мекен партиясынын атынан депутат болуп келип баш мыйзамды өзгөртүүгө карата оппозициялык пикирин айткандан кийин иш козгогон. Депутаттарга ары бери чуркап жаткан Молдакун мырза дал ушул сиздин ордуңузда Аида Жеңишбековна бир кезде отурган, анын бетин ары кылсын бирок сиздин башка дагы мындай мүшкүл келбейт деген кепилдик жок. А сиз бул жерде депутаттарга  жогору жактын пикирин каңкуулап жаткандайсыз деди. 

Эл өкүлүнүн бул  сөзүно териккен Президенттин өкүлү: “Абайлап сүйлөңүз мен башка маселе менен бардым, эч кандай Аида Саялнованын иши боюнча эмес, Төрөбай Закировичке башка маселе менен кайрылгам” деп актанды. Бирок Каныбек Иманалиев, Молдакун Абдылдаевге өзүңүздүн жашыңыз бир топко барып калды, анан карыган башыңыз менен жаш жигитке чуркап барганыңыз өтө уят, өөн көрүнөт деп билдирди. Жыйынтыгында комиссия түзүү демилгеси добушка коюлуп 105 депутат макул 2 депутат каршы экендигин билдирген.

Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

беш × төрт =