Карыз, бюджет тартыштыгы бийликтин башын оорутпайт

0

Каганат.

Кыргыз бийлигинде жалаң камырабай, Кыргызстан үчүн башы оорубагандар отурабы деген ой келди. Эл аралык валюта фонду карыз алуу Кыргызстан үчүн коркунучтуу экенин какшап айтып жатканына карабастан ажобуз карыз алгандан коркпош керек, башка өлкөлөрдүн карызы баланча деп турган чакта Финансы министри бюджеттин дефицити үчүн министрликке сын айтуунун кереги жок экенин маалымат жыйынында билдирди. Дал ушул жерде “Эшегине жараша тушагы” деген кеп эске түшөт экен.

Мамлекет башчысына жараша кызматчылары болуп, баарынын мурдун балта кеспей турган чакта Финансы министри Адылбек Касымалиев бюджеттин дефицити бизде гана эмес, башка өнүккөн өлкөлөрдө дагы бар экенин айтып отуру.

Былтыркы жылга карата бюджет тартыштыгы 20,9 млрд сом болгон. Көрсө бул сумма кыргыз элин кабатыр кылбашы керек экен.

Себеби бул дефициттин ичине чет өлкөдөн алынган насыяларды төлөөгө кеткен каражаттар да кирет имиш. Бул демек карызды канча көп алсаң бюджетиң ошончолук тартыш болот дегенди билдирет. Эми ушул жерден тыянак чыгаруу керек го. Ажобуз карыз алгандан коркпойлу десе, министри болсо бюджет тартыштыгы эч нерсе эмес, ал карызды жабуудан улам пайда болуп жатат десе демек кимиси туура сүйлөп, кимиси өлкө үчүн көбүрөөк күйүп жатат? Бийликте турган бул эки адам өз көмөчтөрүнө күл тартып, эптеп эле аркаларын жабуу аракетин көрүп жаткан жокпу айтор түшүнүксүз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 2 =