Каржы министрлиги 850 млн сомду каякка короткон?

Каганат.

Жогорку Кенештин жыйынында эл  өкүлдөр тарабынан Каржы министрлигине 850 миллион сомду кайда каяка короткондугу тууралуу көторүлгөн суроого каржы министри Адылбек касымалиев маалымат жыйынында аталган каражат социалдык экономикалык маслелерди чечүүгө, кышка даярдык, ветеринардык фитосанитардык лабораториянын курулушуна, Ата-Бейит мемориалдык комплексин оңдоп түзөөгө жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тармагына бөлүнгөндүгүн билдирди. 

Бирок министрдин айткандарынын баарына жеткирген жогорку сумманы чындап Касымалиев бергени  негедир  чындыкка коошпой келет. Анткени каражат бөлүндү деп аталган тармактардын бири ветеринардык фитосангитардык  лабораториялардын курулушуна 27 миллион сом бюджеттен бөлүнсө, Ата Бейит мемориалдык комплексинин курулушуна 11 миллион сом коротулган. Бирок социалдык жана экономикалык маселелерге 800 миллион коротулса пенсия, жөлөк пул же карапайым кызматчылардын айлык маянасы көтөрүлүшү керек эле. 

Бирок тилекке каршы эч кандай өзгөрүү болгон жок. Кагаз түрүндө берилен отчётко ичи чыкпаган эл өкүлдөрүнүн алдында айтпай өзүнчө маалыматтык жыйын бергени Касымалиевдин коркок билиши барбы? Деги эле Касымалиевдин мындай кадамдары биринчи эмес бир нече ирет  кайталанып жатканы менен биздин өкмөттүн өгүз өлбөсүн араба сынбасын болуп жогору жакты карап отургандай.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 3 =