Садык Шер: Салянованын ордуна Чыныбай Акунович сиз болуп калышыңыз мүмкүн

Каганат.

Экс башкы прокурор Аида Саляновага карата козголгон кылмыш ишинде саясат бар деген Ата Мекен партиясынын өкүлдөрү бул боюнча депутаттык комиссияны түзүлүү маселесин унутта калтырбайлы деп чыгышты. Депутаттык комиссияны түзүү боюнча маселеде сөз алган  депутат Садык Шерниязов “Урматтуу колллеггалар Аида Жеңишбековнанын ордунда эртең баарыбыз болуп калышыбыз мүмкүн, спикер болуп отурган Чыныбай Акунович Салянованын ордуна сиз дагы болуп калышыңыз мүмкүн деген пикирин билдирди.

Көптөн бери көрүнбөй калган Садык Шерниязды ар ким ар кандай пикирлер менен биргеликте жоромолдорду чыгарып жаткандардын аягына чекит коёюн дегенби Садык мырза бул боюнча унутка калтыра бербей, тезинен күн тартибине киргизип, коллегабызга карата козголгон кылмыш иште саясат барбы же жокпу дал ошол маселени гана карап, эч кандай тергөөгө жолто болбогон депутаттык комиссия түзүүнү эмнеге татаалдантып жаткандыгына түшүнбөөсүн билдирди. 

Ал эми бул жыйында сөз алган Айсулуу Мамашева эмнеге коррупция менен күрөшкөн адамдарды кайра камай берсек, келечекте эч кандай коррупция менен олутту кармашуу болбойт. Бул боюнча комиссия саясат бар жогун гана талдоого т үзүлүп жатат. Алар тергөөчүлөрдү дагы чакыра албайт, акыры акыйкаттык барбы бизде деп агынан жарылды.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

он эки − сегиз =