КСДПнын эркеси Карамушкина жума намазга баргандарды текшерели дейт эми

Каганат.

Өткөндө социалдык баракчаларда отуруп Президенттин дарегине сын пикир айткан жарандарды УКМКны суракка алуусун өтүнгөн эле. Демейде кулагы укпай көзү көрбөй калган УКМК дароо социалдык  түйүндөгү ажонун дарегине ар кандай пикирлерин жайгаштырган адамдардын тобун барака түшүруп эскертүү бергендигин жар салган. КСДПнын ичинен жалгыз эле ушул Карамушкина иштеп жатам дегенссип эми кызматкерлердин жума күндөрү жума намазга кетип жаткан жокпу  текшерүүгө алыш керек деген маселени көтөрүп чыкты.

Анын айтымына караганда карапайым калк мамлекеттик кызматагыларды жума күнү саат 12ден кийин таппай калып жатканын айтып Карамушкинага арызданышкан имиш. Алар айлыкты кудайдан эмес, мамлекеттен алат. Анысы аз келгенсип, студенттер да окуудан кетип калат экен. Биз светтик өлкөдө жашайбыз десең куугунтуктоо катары баалашат.  Дин мамлекеттик иштерге чейин киришип кетти. деп билдирет КСДПнын эркеси. 

Өзүнүң башыңдагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрөт деген ушулбу К;арамушкина адеп оңолгонду өздөрүнө баштасын. Анткени дал ошол жанындагы кесиптештери деле жума намазга ак үдөгү намазканага кетип калып жатканын Карамушкина көрбөй элеби. Же ажосу өзү айт намазга жыгылып ислам дини менен сүйлөөрүн билбейби. Оозго келгенди оттобой бергендин да чеги болот эмеспи. Деле ушул орус катындын тайраңдаганы өттү. Студенттер көчөдо арак ичип, шаща чегип бузулгандан көрө жума намазга барып окуп келгендин эмнеси жаман. Туура мамлекеттен акча алып жаткан кызматкерлер коррупциялык иштерге баргандан көро эки саат кечигип жума намазда жемкорлук күнөө экенин билип адал иштегени жакшы эмеспи. Жумуш убактысында отуруп чай ичип, бир адам менен он саат ушак айтышкан башчыларга караганда эки саат намаз окуп келип эл менен иштеш керек деген башчы жакшы эмеспи. 

Эзели оозунан жакшы сөз чыкпаган Карамушкина бир нерсе айтса эле алды артын карабай чуркаган министрлик менен жетекчиликтер бар экен. Деги эле ушул Карамушкинанын Кыргызстанга жакшы бир пайдалуу мыйзам долбоорун көтөрүп элдин мактоосуна арзыган маселени алып чыкканын көрбөйсүң, же калпакты мончого кийиш керек деп, же жол эрежесин бузуп, же адамды тепселеп кеткен айдоочусун калкалагандын эле үстүндө. Кыргыздын тың чыкма кыздары менен жигиттери сүйлөсө асманды сүйлөшөт бирок парламентте Карамушкинанын жаагын баса албай коюшту.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

5 × беш =