Азия Универсал Банктын бир миллиарды кайда?

Каганат.

Өлкөдө стабилдүүлүк орун алса дагы көзөмөлдүн жоктугунанбы же бөлө жегендиктенби айтоор кимди ким көрдү Быржыбайды там басты болушуп, ар тармактын башчылары каалагандай калчап, өз билемдигин кылып жатканы баарыбызга маалым. Эшекти сүйлөсөң кулагы көрүнөт болуп, коррупциялык схемаларды ачыктайбыз деп улам бирин атап бүткүчө экинчисинин к5улагы көрүнүп, жыйынтыксыз санап өткөргөнгө дагы көнүп бүттүк окшойт. 

Жогорку Кеңештин фракция жыйынында КСДПчы Рыскелди Момбеков капысынан Азия Универсал Банкынын тагдыры, анын сатылгандан түшкөн каражаты тууралуу кызыкты. Бирок жыйынтыгында сатылган Азия Универсал Банктын бир  сому да мамлекетке түшпөптүр. Негедир бул сыйкырдын жандырмагы дагы даяр экен. Тиешелүү кызматтардын билдиришинче аталган банктын насыялык карыздары көп болгондуктан ошолорго төлөп берүү менен бир сом дагы артпай калыптыр. 

Шумдуктуунун төөсү жорго дегендей бир миллиард сомго сатылган Азия Универсал Банкы банкрот болгон күндө да бир миллиард сом карызы болсо банк өзүнүн акчасы жок жалаң элдин акчасы менен иштеп келгенби? Албетте банк системасында өздүк бюджет, пайыздык каражат ячейка жана насыялардын акчасы тууралуу кабар да жок. Ал эми өкүлү сатылган банктын суммасын гана сурады. Бул башкача айтканда кагаз түрүндө дал ушундай көрсөткүчтөрдү колдонуу менен бирөөнүн сол чөнтөгүнө солонуп кеткендиги анык. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 5 =