Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышат

0

Каганат.

Шайлоо жакындаган сайын талапкерлердин саны көбөйө баштары турган иш. Күзүндө болчу президенттик шайлоого азыртадан эле камынып, талапкерлигин көрсөтөрүн айрым саясатчылар жар сала башташты. Алардын арасын Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев толуктады. Ал бүгүн Бишкекте өткөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жыйынында келерки президенттик шайлоого катышарын расмий түрдө жарыялады. Партиянын мүчөлөрү ага шайлоодо колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтышып, бир дуулдап алышты.

Өлкөнү өнүктүрүп, элди биримдикке чакырып, иштөөгө убакыт келгенин айткан Төрөбаев катуу чамынып жаткан чагы.

“Эгер биз четте карап турсак, тарых бизди кечирбейт. Адамдык потенциалды жогорулатуу зарыл. Адам тарбия алышы керек, көп тил билиши керек. Кыргызстанды биз өнүктүрбөсөк, эч ким өнүктүрүп бербейт”, – деди Төрөбаев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × үч =