Бабанов президенттик шайлоого аттанды

0

Каганат.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу анын партиялаштары массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Маалым болгондой мындай чечим, бүгүн фракция жыйынында кабыл алынды.

Эми бул сунушту партиянын съездине алып чыгашат.

Мыйзамга таянсак,  Кыргызстандагы президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Ага катышуу ниетин азырынча “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев билдирген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + 18 =