Панкратов: “Азыркыдай татаал экономикалык шарт менен ИДП көлөмү 0,1% ашпай турганына да негиз бар”

0

Каганат.

ЕАЭБ мүчө болууда Өкмөттүн негизги милдети өлкөбүз ээлеп турган рынокту ошол абалда сактап туруу болгонун  Олег Панкратов бүгүн, 15-февралда, «ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер» Эл аралык форумунда билдирди.

«Бажы биримдиги түзүлгөн учурдан тартып, Кыргызстан үчүн азыркы сатык рынокторунда бажы-тарифтик тоскоолдуктардын гана эмес, техникалык тоскоолдуктардын саны көп болгондуктан, ошол кездеги рыногун жоготуп алуу  боюнча реалдуу коркунучтар пайда болгон», – деди Олег Панкратов.

Ал Бажы биримдигине кирүүгө карата даярдык көрүү иштеринин жүрүшүндө үч сценарийдин: базалык, жакындаштырылган жана оптимисттик багыттагы 10 ашык иликтөөлөр өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.

«Базалык сценарийде Кыргызстада ИДП өсүүсү 2016-жылга Кумтөрдү эске албаганда – 2,5% деңгээлинде, жакындаштырылган сценарий боюнча өнүгүү – 1,3% жана оптимисттик багыттагы сценарий боюнча 3.7% божомолдонгон. Бүгүн биздин экономикабызда  өсүү темпи 3,8% түзүп, оптимисттик божомолго жакын болгонун көрүп турабыз. Аны менен катар, эгерде ЕАЭБ кирбеген учурда азыркыдай татаал экономикалык шарт менен ИДП көлөмү 0,1% ашпай турганына да негиз бар», – деди вице-премьер-министр.

Олег Панкратов белгилегендей Өкмөт тарабынан сүйлөшүүлөрдүн алкагында гана эмес, өлкөнү дүйнөлүк соода процесттерине даярдоодо – инфраструктуранын сапатын, акредитация системасын жана сертификация, либералдуу салык жана валюталык мыйзамдуулукту, экспортко багытталган ишканаларга шарт түзүү, соода тейлөө үчүн либералдык рынок системасын түзүү багытында бир топ иштер аткарылды.

«Бүгүн бул факты атамекендик экспортерлор ЕАЭБ өлкөлөрүнө өнөр жай жана өсүмдүк багытындагы өз товарларын тоскоолдуксуз эркин экспорттоп жаткандыгы менен далилденет», – деди вице-премьер-министр.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × төрт =