Депутаттар жоголду көрдүңөрбү?

0

Каганат.

Бүгүн, 16-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда Шарк айыл өкмөтүн шайлоо болбой калды. Себеби, айылдык кеңештин сессиясын өткөрүүгө кворум чогулган жок. Шайлоого 31 депутаттан 17 депутат гана келген. Ал эми кворум үчүн шайлоого 21 депутат катышуусу керек.

 Кайда кеткени белгисиз болуп жаткан 11 депутат шайлоого катышкан жок. Бул жолку шайлоого 7 талапкер катталган.

Ошентип Шарк айылдык кеңешинде депутаттар экинчи жолу сессиясын өткөрө алган жок.  

 Мыйзамга ылайык,   эки жолу сессия өткөрө албаган айылдык кеңеш таратылат. Ошондуктан, депутаттар БШКга үчүнчү жолу сессия уюштурууга уруксаат  сурап кат жазганын билдиришкен.

 Эске салсак, буга чейин Шарк айылдык кеңешинин 11 депутаты Тажикстанда эс алып жүргөнү тууралуу маалыматтар айтылган.

 Учурда Шарк айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу Арстанбек Жолдошев аткарууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − он эки =