Кыргызстандык жана түркиялык адвокаттар авиакырсыктан жабыркагандардын укугун коргошот

Каганат.

Дача СУда авиакырсыктан жапа чеккен жарандарга материалдык жана моралдык компенсация өндүрүү үчүн Түркиялык жана Кыргызстандык адвокаттар чогуу иш алып барышат. Бул тууралуу алар билдирүү таратышты. Маалыматка ылайык, Түркиядагы “Сейхан” юридикалык борборунун адвокаттары Бишкектин четиндеги Дача СУда авиакырсыкта жабыркагандардын укугун коргоого көмөк көрсөтөт.

Аларга кыргызстандык юристтер дагы кошулушкан жана кызмат акысыз көрсөтүлмөкчү.

Жактоочулар жабырлануучулардын моралдык жана материалдык зыянын өндүрүү Түркиянын, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрүн билдиришет.

Дароо канча суммадагы компенсация өндүрсө болорун айтуу азырынча эрте экенин, анын баарын сот чечерин жазышкан алар.

“Биз авиакырсыктан жапа чеккендердин ар бирине жардам берүүгө, укугун коргоого даярбыз”,-деп жазылган билдирүүдө.

Толук маалымат алуу үчүн Бишкектен юристтер Эркин Саданбековго (+996 773 96-96-41) жана Асель Рысбаевага (+996 777 77-73-17) кайрылышса болот.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 + 1 =