АКШ соту Трамптын жарлыгы тууралуу ишти кароону токтотту

0

Каганат.

АКШнын апелляциялык соту качкындар менен айрым саякатчылардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салуу боюнча соттук териштирүүлөрдү токтото туруу жөнүндөгү Акүйдүн өтүнүчүн канааттандырды. Маалыматка караганда, соттук териштирүүлөрдү токтотуу жаңы жарлыкты чыгаруу үчүн керек.

Азырынча мигранттардын өлкөгө киришинин жаңы шарттары белгисиз. Дональд Трамптын администрация кызматкерлеринин билдирүүлөрүнө караганда, жаңы жарлыкта эрежелер аталган жети өлкөдөгү АКШнын мыйзамдуу резиденттерине тийиштүү болбогудай өзгөртүлүшү мүмкүн.

Америкалык прокурорлор президент жаңы жарлыкка кол коюу менен узакка созулган териштирүүлөрдүн ордуна тез арада өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүндүгүнө жол ачат деп болжолдошууда.

АКШ президенти Дональд Трамп маалымат жыйынында жаңы эрежелер кийинки жумада жарыялана турганын билдирди. Ал өлкөнү коргоону убадалаганын жана андан кайтпай турганын белгиледи.

Трамптын жарлыгын коргоп сотко кайрылгандардын бири, Вашингтон штатынын башкы прокурору Боб Фергюсон администрациянын акыркы аракеттери «өзүнүн жеңилгенин моюнуна алуу» болуп эсептелерин билдирди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × беш =