Брюсселде Алмазбек Атамбаевди пикетчилер тосуп чыгышты

0

Каганат.

“Amnesty International” уюмунун активисттери Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди Брюсселде пикет менен тосуп алышты. Алар өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду колдоп нааразычылык акциясын уюштурушкан.

Алар Европа Кеңешинин имаратынын алдына чогулушкан. Бул жерде Атамбаев Европа Кеңешинин төрагасы Дональ Туск менен жолугушмак. Президенттин кортежи алардын жанынан өтүп кеткенин билдирди “Amnesty International” уюму.

“Amnesty International” Азимжан Аскаровдун иши саясатташып кеткенин билдирип, анын өмүр бою эркинен ажыратылганына макул эмес экенин жазышкан.

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда «улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан» деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, аны бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган болчу.

24-январда Чүй облустук соту Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жети + 13 =