Токтогулдагы көпүрөдөн унаа кулап 4 адам мерт кетти

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-февралда Бишкек-Ош автоунаа жолунун 276-чакырымындагы Бала-Чычкан айылында  “Мерседес 124” үлгүсүндөгү  унаа 5 кишиси менен «Бала-Чычкан» көпүрөсүнө түшүп кетип, натыйжада 4 адам кырсык болгон жерде мүрт кеткен. 

Маалым болгондой, куткаруучулар каза болгондорду унаадан алып чыгып, медицина кызматкерлери тарабынан райондук оорукананын өлүк сактоочу бөлүмүнө жеткирилген. Жаракат алган бир адам  райондук ооруканага жеткирилген.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 + 20 =