Бийлик Текебаевдин 8 жашар кызынан салык сурай баштадыбы?

Каганат.

Оппозициялык маанайда бийликке сын айтып келген Ата- Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка бир нече партия мүчөлөрүнүн туугандарына башкы прокуратурадан салыктары туурасында сурак кагазы келди. Айласы кеткен Атамбаев менен Абдил Сегизбаев жана Индира Жолдубаеванын ойлоп тапканы ушулбу, айтоор 86 жаштагы Текебаевдин апасы менен 8 жаштагы кызы Айсаранын салык төлөгөндүгү төлөбөгөндүгү туурасында сурак кагазын жөнөткөнү аша чапкандык эмей эмне. Тизмеде Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмамтовдун ит-мышыгы жана жан жаныбарлары гана жок, балким алар сүйлөгөндө аларга дагы келмек беле?

25104

Саясат саясаты менен бирок тизмени жакшылап карасаң Ата-Мекенчи Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов жана Өмүрбек Текебаевдин гана үй бүлөө мүчөлөрүнүн буту баскан баладан тартып кемпир кесекке чейин тизмеге алып мындай кагаз жөнөткөн бийликке сөз деле калбай калгансыды.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − 3 =