Аңырайган айыл чарба министрлиги 2016-жылы 1,6 миллиард сом короткон

Каганат.

Кыргызстандфн экономикасын алга сүйрөп кете турган тармак бул айыл чарба тармагы. бирок биздин айыл чарба тармагын жетектеген Айыл чарба министрлиги кылган иши жок казынаны капшыргандан башка пайдасы жоктой. Маселен Белоруссиянын  айыл чарба министрлиги бир беткей жер  иштетүү боюнча ишти мыкты өздоштүрүү менен бюджетинин 25-30 пайызын толтуруп берет. Учурда кыргызстандын айыл чарба министрлиги бюджетке келтирген пайдасынан зыяны көптөй. Ошол эле Өзбекстандын айыл чарба министрлиги менен социалдык өнүктүрүү министрлиги биригип аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө кадимки тооктун жөжөсүн берип, элдин жашоо шартын жакшыртууга болгон күч аракетин жумшап жатат.

Эми биздин мамлекетте саясат менен алышып отура берген өкмөт элдин жакшы жашоого шартын түзмөк түгүл, мамлекетке бере турган планын толтура албай ар кайсы шылтоону айтканы айткан. Албетте өкмөттүн курамына кирген айыл чарба министрлиги оозун ачкан балапандай эле, бюджеттен качан каражат бөлүнөт деген ой менен жалдырап отурганын 25-жылдан бери эле көрүп келебиз. Эсил кайран СССР таркаганда баардык колхоз-совхоздорду таркатып таланды кылып жиберип азыр айыл чарба министрлигинин беш тоогу да жок. Албетте сын айтканга оңой, баардыгы келип акчага такалат деген шылтоо 25 жылдан бери ар бир министрликтин башкы сөзүно айланды.

Бирок антейин десең дал ушул биз айтып жаткан айыл чарба министрлиги бир жылдын ичинде эле  1 миллиард 546 миллион 967,66 сом каражатты өздөрүнүн жан багуусуна тактап айтканда айлык акы жана башка ушул сыяктуу иштерге короткон. Айыл чарба министрлигинин жалгыз караганы жер жерлердеги комбайн тракторлорун жазгы талаа иштерине чыгарып, ошону бир айтып бир койбой эки айтып эки койбогону болбосо ири мал бага турган фермасы жок, же баланысында өкмөттүн атайын айдоо жери жок экендиги баарыбызга маалым. 

Ар бир облус, район, айыл аймактардын балансындагы жерлерди иштетүү үчүн жарыбаган техникасын алып чыгып жазгы талаа иштерин баштадык дегенде тим эле күйбөгөн жериң күл болот. Коңшулаш өлкөлөрдүн ичинен айыл чарба тармагын жөндөй албаган бир ушул Кыргызстандын айыл чарба министрлиги очойгон сумманы бюджеттен алгандан башка эмне пайда келтирип жатат деген суроого жооп бере турган жан жок. ЕАЭБге киргени айыл чарба продукцияларын дыйкандар тим эле экспорттоп жыргап калабыз деген  өкмөттүн ооз көптүргөн кеби талаада калып, өкмөт өзү тиешелүү жабдык менен камсыздай албаганын айткандан дагы уялбай калышты.

Саясат саясат деп жүрүшүп бакыйган министрликке чоң муштум бирөөнү алып келип коюп коюшкандын өзү эле ансыз да тамтары чыккан тармакты биротоло нөлгө түшүргүчөктү карап отура берет окшойбуз. Анткени айыл чарба министрлигине чарбакер, айыл чарба, мал чарба жана өндүруштү мыкты билген адис талап кылынаарын өкмөт билгени менен жашылбайлардын аркасы менен а тамгасын тааныбаган сабатсызды деле коё бергенди адат кылып алды. Кыскасы айыл чарба министрлиги тууралуу айта берсек китеп жазып чыгат, тармакка рефоматор келип, баарын өзгөртпөсө баскан тырмоону кайра басып башка жеп отура берет окшойбуз.

Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

16 − он эки =