12 жылга салык отчетун талап кылууну “Ата Мекен” ооз жабуу аракети дейт

0

Каганат.

“Ата Мекен” саясий партиясы Башкы прокуратуранын аталган партиядагы үч депутаттан салык отчетторун талап кылуусун бийликтин аларга каршы жасалган кезектеги кадамы деп баалайт.  

Ошондой эле партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин 8 жашар кызы кандай салык төлөшү керек деген партия аң-таң болуп турган кези.

“Ата Мекен” бул кадамдар президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалып, алардын оозун жабууга болгон аракет экенин билдирди. Партия өлкө башчынын кирешеси жана чыгашасы тууралуу жарыялаган маалыматтар буга түрткү болду деп эсептейт.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын туугандарынын акыркы 2005-жылдан берки, башкача айтканда 12 жылдагы салык отчетторун талап кылууда. Тизмеге “Ата Мекендин” үч депутатынын: Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын, Алмамбет Шыкмаматовдун 26 тууганы кирген.

Ошондой эле аталган партиянын кеңсесинде эмгектенгендер күнүгө суракка чакырылып, коркутууларга туш болуп жатканы да жазылган билдирүүдө.

“Укук коргоо органдары алардан төрагага каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып жатышыптыр. Бизди коркутуп, сындыруу мүмкүн эмес”,-дейт “Ата Мекен”.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × бир =