Иш издеп барып, ийгилик жылмайбаган кыргыз мигранттары

Каганат.

Өлкөбүз өз  элин бага албай жатканда, чет жерден ийгилик издеп агылган мигранттардын саны күн санап өсүүдө. Албетте кимдир бирөөлөргө жакшы иш туш келип, ийгилик жылмайса, басымдуу бөлүгү кара жумуш болсо дагы иштеп, карандай суу менен болсо дагы күнүн көрүп, үй бүлөөсүн багууда. Мамлекет башындагылардын маселеси мигранттарга жеңилдик берүү же жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөрдү анда-санда үндөп койгону болбосо, дээрлик мигранттардын агымын токтотуу маселесин көтөргөндүгүн укпайсың. Үй бүлөө багам деп үйүнүн түндүгүн түшүрүп алгандардан тартып, уясын бузуп алгандарга чейинкилердин каргышына дал ушул учурдагы мамлекеттин башында отурган чиновниктер калаары бышык.

Балким кимдир бирөөлөр  өз  үй бүлөөсүн бага албай деген пикир жаратышы мүмкүн, бирок өз мекенинде иш жок, мамлекеттен бир тыйын жөлөк болбогон соң тентип мигрант болбогонго айла канча. Ал эми турмуш өз нугу менен кенебеге чоң дайрадай агып, бей бечаранын дагы бай-бачанын дагы күнүн өткөрө берет. Бирок бирөөнүн ырыскысын бирөө жеп, алдуусу алсызына күн көрсөтпөй, адилетсиздик болуп турган мамлекеттин ханынын уктаган уйкусунан тартып адал жол менен таап жеп жаткан ашы да арам болоору динде да философияда дагы бар.

 Башкасы аз келгенсип мигранттардын салган акчасынан түшкөн салыкты эсептеп калган мамлекет башындагыларга эмне деген сөз же пикир айтуу мүмкүн. Маселен Түркияга иш издеп барган Кыргызстандык эки жаран Асанакунов Эсен менен Жусупов Улан аттуу эки жараныбыз бүгүн интернет аркылуу Кыргызстанга кайта албай жаткандыгын, ишсиз көчөдө калып, элчиликке барса түз эле түрк полициясына баруусун айткандыгын, тиешелүү органдар укса да укмаксанга салып, алакан жайып отургандыгы кейиштүү. 

Дал ошол Түркияда карапайым элден чыккан таланттуу ырчы деп мактап жактап жаткан Ибрагим Жунусовдун эки жигитти салганга тиешелүү түрк бийлиги менен сүйлөшө албаса эмнеси дипломат. Же “Эламан” деп созуп ырдап койсо эле элдин патриоту болуп жатып калабы? Албетте Улан менен Эсен сыяктуу миңдеген мигранттар Түркияда бирок  эптеп акча алып, эки өлкөнүн алакасы үчүн деп алакан жайган ырчы-элчинин кылган колунан эч нерсе келбегендигинин белгисиби. Бир эмес бир нече жолу Кыргызстан менен Түркиянын ортосуна от жаккысы келгендер кыргыздарды терроердук уюмдун өкүлү кылганга жетишкен турк басылмаларына “а” деп ооз ачпаган Жунусовко кандай сөз айтылууга тийиш. Мына ушулардын баардыгынын жыйындысы айланып келип өз өлкөсүнүн элин эптей албаган мамлекет башчыга келип такалат.

Булак: Каганат.  

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + 12 =