Каганат.

Атамбаев Президенттик мөөнөттун акыркы жылында саякаттап алайын дегенби, болгон мамлекетти кыдырып, эки  өлкөнүн кызыкчылыгы деген созду бетине кармап тыңгылыктуу өлкөгө токтой элек. анысына деле мейли деп кең пейил кыргыз эли барды келди деген анча мынча кеп козгогону болбосо аша чаап, алдын торободу. Бирок барган жеринен балп эттирмеси калбаган ажо Казакстанга болгон нааразычылыгын Европага барып жар салганын казак эли менен министрлиги эле түшүндүрмө сурабаса, Нуракенин кылы кыйшайып да койбоду өңдөнөт. Жөн эле Белоруссия Президенти Лукашенко менен азын оолак Кыргызстан тууралуу кеп кылып койгондугун казак жалпыга маалымдоо каражаттары Атамбаев алжып калыптыр деп гана айтып чыкты. Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын эки башка коз карашта жашаган мамлекет экендигин жана ЕАЭБдин алкагында бир катар маселелер чечилээри тууралуу айткандыгын беларус сайттары жазып чыкты.

Албетте Нуракенин бир канча жылдык иш тажырыйбасы ьар кыраакы бирок кечээки келген Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиеёвден сабак алабы деген суроо пайда болот. Анткени 17-февраль күнү өзбек президенти Ташкен шаарындагы октябрь айында киргизген жаңы салына турган жолдордун проектиси тууралуу жеринен танышуу максатында болгон сапарда көчөлөрдүн бириндеги бийик кабаттуу үйлордүн бирин карап, капысынан босогосун аттаган. Үйдүн экинчи кабатына көтөрүлүп бир эшикти такылдатып үйгө кирип баргандыгы тууралуу upl.uz. сайты жазып чыкты. Президент кирип барган үйдө жупуну жашаган үй бүлөөнүн абалы тууралуу сурап дароо министрлерине тапшырма берип жеринен аткардырган. Ошол эле күнү министрлерин чогултуп, керек болсо үймө үй кыдыргыла деп катуу зекиген. Ал эми толгон үйдөн ошол жупуну үйго кандай туш болуп калгандыгын сурагандарга жолду салуу долбоору жакшы болгону менен жээгиндеги үйдүн балконун карасам эскирген кийимдер жайылып турганына көзүм чалды деп жооп берген. 

Кыраакы өзбек Президентинин бул кадамынан кийин өзбек атка минерлери эми Мирзиеёев бара турган аймакка кир жайдырбоону колго алчудай болду окшойт. Ал эми бизде андай үй көрүнмөк турсун алдына барса дагы, келген жолуңа кайра айдап кетирээри анык. Коңшулардын Президенттери өлкө ичине байма бай саякаттап карапайым калктын жашоосун жакшыртуунун аракетин кылууда, бизде болсо чет өлкөлөп конокобарганыбыз аз келгенсип, барып жатып алмайыбыз дагы бар.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

17 + 9 =