Социалдык өнүгүү министрлигине жөлөкпул маселеси боюнча көп кайрылышат

Каганат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 2016-жылы жарандардан 1383 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Даттануунун көпчүлүгү Бишкек шаарынан болгон (44,5%), Ош облусу – 8,4%, Чүй облусу – 15,1%, Жалал-Абад облусу – 9,1%, Нарын облусу – 10,2%, Ысык-Көл облусу – 7,0%, Баткен  облусу – 2,6% жана Талас облусу – 3,1%ды түзөт. .

Жарандар кайсы маселе менен кайрылышканы тизмеде:

–           мамлекеттик жөлөкпулдар – 20,8% (287 бирдик);    

–           материалдык/гуманитардык жардам көрсөтүү – 20,0% (276 бирдик);

–           жеңилдиктерди берүү – 12,4 % (172 бирдик);

–           майыптуулук тобун аныктоо  – 7,3% (101 бирдик);

–           үй-бүлөгө жана балдарга кызматтар -6,9% (96 бирдик);

–           ДМЧА жана улгайган жарандарга кызматтар – 6,6% (91 бирдик);

–           иш менен камсыз кылууга жана жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү – 11,9 % (165 бирдик);

–           ар түрдүү (угуу аппараты, тиш протездөө, ССМ аныктоо, СӨБ жетекчилерине жана кызметкерлерине даттануулар, сан-курорт жолдомолор, гендер, укуктук, финансылык маселелер ж.б.) -14,1% (195 бирдик).

“Кайрылуулар белгиленген тартипте каралган жана өз убагында жооптору берилген, аткарылбаган же мөөнөтү кечиктирилип аткарылган кайрылуулар жок”,-деи билдирет министрлик.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 + 3 =