Жүктүн ээси ким? Дача Суудагы авиа кырсыктын кыркылыгы…

Каганат.

Таң атпай алыстан ажал алып келген учак 16-январь күнү Дача Суу айылына кулап бейкүнөө бир нече жарандарды, наристелерди уйкудан ойготпой оо дүйнөгө алып кеткенине бүгүн туура 40 күн толду. Кыргызда набыт болуп сөөгү жерге коюлган инсандын кырк күндүк белгилеп куран түшүрүп, анан кайра көр оокатка өтүп, өз тирилигин улантып келет. Бирок ошол кырк күн өткөнчо сабырын ичке сактап, набыт кеткендерден илгери кек алып, жылкысын айдап келүү жана башка ушул сыяктуу жоокерликти камтыган чара колдонгонго уруксаат берилчү. Бирок убакыттын өтүшү менен азыр мыйзам чегинде жооп берип, кимдин күнөөсү бар кимдин тиешеси бар экендигин аныктаган учур. 

Кырк күн өтсө дагы учак кырсыгын унутка калтырып саясат менен алпурушкан мамлекет башындагы чиновниктер жакындарын жоготкондордун аза кайгысын тең бөлүшөбүз деп ооз учунан эле айтканы болбосо эмдигиче жон териси менен сезип көрбөгөндүккө салгансып жыйынтыгын чыгарып бербей келишет. Ырасында бир калпы кармалып калганына токтоп калбай кыргыз бийлиги улам ар кандай калптарды чыгарганы менен адилеттик жер астында тебеленип, учактын ичиндеги жүк сырдуу бойдон калып келет.

Адеп Түркияга кете турган жүк болуп, кийинчерээк Казакстанга жана Түркиядагы кыргыздар үчүн кете турган жүк болчу деп жанын жеп калп айткан бийликтин жообуна бүгүнкү күнгө чейин эч бир адам ишенип ынана элек. Болгону бийлик өзүн өзү сооротуп ушундай болгон деген тыянак менен кимди ким көрдү деген кыяздам унутка калтыргысы келген. Тилекке каршы кан жутуп, зар какшаган эненин, теңин жоготкон жубайдын жана чүрпөсүнөн айрылган апанын ыйын, кара булут каптагандай ичинен эзилип жоктоп жаткан атанын муңу өкмөттүн берген акчасы же жардамы эмес кара кылды как жарган калыстык, адилеттик жана ачуу чындык гана демин баспаса баса албасын бийлик түшүнбөй жаткандай.

Кырк күн эмес кырк жыл өтсө дагы бийликтин мындай орой кадамы баары бир кан кууйт дегендей кеп болуп калышы ажеп эмес. Анткени дал ошол жүккө мамлекет башында отурган чиновниктердин тиешеси бар деген шыбырттар кырсыктан жапа чеккендердин чындыкты гана билгиси келгендигин түшүнгөн адам жоктой. Албетте кимдин жүгү болсо дагы кеп анда эмес анткени жүктүн ээси ким болсо дагы ал атайын кулатып жиберген жок, бирок эл алдына чыгып меники дегенге эрки жетпей жатканынын башкы себеби бул жүк контрабандалык жол менен келген жүктөрдүн бири экендигин бөркүбүздөй эле көрсөк болот.

Дал ушул сыяктуу чек ара кызматкери кармаган эки камаз жүктөн эч нерсе калбай калганы бир болсо кармаган чек арачыны мыйзамсыз иштен алганы эки болуп отурат. Ал эми кулаган учактын ичиндеги жүктүн кимдики экендиги биздин бажы кызматынын башчылары сонун эле билишет. Ошондуктан кылдары кыйшайбай азыркыга чейин жетекчиликте отурушкандыгынан баамдасак болот. Болбосо бажы тармагындагы миллиондор тууралуу иликтөолөргө бийлик бир ооз сөз ачканга жарабай укса да укмаксанга салып койгондугу, жыл жаңыраар алдында тобу менен ысык өлкөлөргө эс алууга баргандыгы такталса дагы эч кандай териштирүү же чара көрүлбөй бир канча жыл мурунку саясатчылардын иштерин сынга алып бирин сала бирин камоого өттү.

Убакыт баарын көргөзөт дегенибиз менен, элдин бийликке болгон нааразычылгы уламдан улам көтөрүлүп, бүгүнкү күндө бир болгондо үч-төрт жерде митинг өтүп жатканы айтып турат. Бирок бийлик өкүлдөрү калп айткандан тажабай, эмне кылып алмак эле деп ооз ачпай, эл менен эсептешпегендин аркасы жакшылыкка алып келбесин эсинен чыгарып салгандай. Кандай болгон күндө да кырк күн ичинде кулаган учактагы жүктөн тартып анын кулаган себептери жана күнөлүүлөрдү бийлик атап бериш керек эле. Тилекке каршы демиккен таз оозуңду бас болуп, бири бири менен чукулашып, кырсыктын келип чыгышы жан сырдуу жүк тууралуу шибегени капка ката албагандай эле бир күнү калкып чыгаарын унутпаса.

Булак: Каганат.  

Tagsжүк
Бөлүшүү:

Пикир

10 − 5 =