Кадамжайлыктар митингге чыгышты

Каганат.

Бүгүн, 24-февралда  Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 300гө  чукул адамдын катышуусунда митинг өттү.  

 Митингге чыккандар  Майдан айылындагы Шамбе-Сай алтын кенин иштетүүгө каршы. 

Жергиликтүү эле айылга бейтааныш адамдар келип ар бир түтүнгө 70 миң сомдон беребиз деп  убалашканын айтышууда.  Алардын айтымында  Шамбе-Сай кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундардын макулдугун алууну көздөп жатышат.  Ал эми кенди иштетүүгө эл башынан эле каршы.   

Айыл тургундары  кенди иштетүү үчүн колдонулган цианид суу, аба аркылуу элдин саламаттыгын талкалай турганын айтышууда.  

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 + он алты =