Жээнбековдун жетекчилиги чегине жеттиби?

Каганат.

Өкмот башына Сооронбай Жээнбеков келгени өкмөттүн калган мүчөлөрүнө кудай берип каалагандай иш алып барып жаткандыгы баарына маалым. Анткени өкмөттун курамын Жээнбеков эмес эле жетинчи кабат бекитип бергенин канчалык билмексен болгонубуз менен, ар биринин Жэнбековду өкмөт башчы кой дегени болбосо үстүнө минип алып желип ойногулары келет. Маселен өзу деле Президенттин куттуктоо сөзүн катчысындай эле болуп окугандан уялбаган, байланма жетекчи экендигинен уялбаса керек. Моюнунан байланган ит ууга жарабайт дегендей эле Сооронбай Шариповичти миң ирет  үйрөтсөң дагы ушул бойдон калаары анык.

Маселен бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын башчсысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан орун басар Дастан Догоевке эмне үчун 2016-жылы Масмлекеттик катто кызматында кылмыш иши көп катталгандыгы тууралуу мониторинг жогорулап кеткен деп суроо салган. Орун басар бул тууралуу так маалымат жок экендигин кыска – нуска жооп берсе. Моиторинг тууралуу маалымат чогултпай эле көчөгө чыгып беш-алты кишиден сурасаң эле айтып берет Мамлекеттик каттоо кызматы кандай иштеп жатканын айрыкча, паспорт стол жана жарандык абалды каттоо кызматтарында деп урушумуш этти Сооронбай Жээнбеков.

Мындай учурда өкмөт башчы өз кол алдындагыларга кыйкырымыш эткени менен же сөгүш бере албай же кызматтан ала албасын  дагы бир ирет тастыктады. Анткени бүтүндөй Кыргызстандагы аткаруу кызматынын башында турган адам бир Мамлекеттик кызматты каттто тармагындагы кылмыш иштери тууралуу билбеген жетекчиге сөгүш бермек түгүл ишинен айдап жибере турган учурда урушуп тим болгон Сооронбай Жээнбеков эртең иштеп жаткан кадрын жеетинчи кабат жогот десе дароо иштен алаары бышык болуп калды. Дал ушундай эле система иштеп келе жаткандыгын учурдагы кадрлардан эле байкасак болот эмеспи.  Өкмөттүн өзөгү өзү президенттин амири менен келгендер толгону өзү эле көп нерсени айгинелейт.

Булак Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 2 =