Атамбаев өлкөдө кол тийгистер жок экенин билдирди

0

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-февралда “Мекен шейиттери”, “Айкөл-Ала-Тоо”, “Апрель байрагы” уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алар менен өлкөдөгү саясий кырдаал талкуулаптыр.

Ажо аларга мыйзамдуулукту сактоого чакырганы менен “балашкасы” жетектеген УКМКсы өзү баш болуп мыйзамды бузуп жатканын унутта калтыргандай.

Өлкөдө мындан ары кол тийгистер жок деген Атамбаев бул бийликтин бардык бутактарынын азыркы жана мурунку жетекчилерине тийиштүү экенин айткан. Муну менен ал эмнени айткысы келгени азырынча белгисиз бойдон калууда.

Ал эми өлкөнүн келечеги үчүн баатырдык менен каза тапкандардын артынан 7-апрелден кийин өлкө жетекчилигине келгендер эл алдында эки эсе жооптуу экенин айткан Атамбаев эки эсе жоопкерчилигин көрсөтүп, элди бөлүп жарып, өзүнө каршы чыккандарды камата салуусун токтотуп туруп ушундай билдирүүлөрдү таратса жарашат беле деген кеп.

Демейде эстебеген адамдарды Текебаевдин тарапташтарынын митинг өткөрүп жаткан маалында эстеп, аларды чакырып сүйлөшө калган ажого жол болсун!

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 13 =