Биринчи май райондук сотунун алдындагы митингчилер УКМКга келишти

0

Каганат.

Биринчи май райондук сотунун алдындагы митингчилер УКМКга келишти. 48 саат таңкы саат 4:00дө аяктай тургандыктан митингчилер ошол убакка чейин күтүп турууну көздөшүүдө.

Уюштуруучулар митингчилерди тартипти сактоого, чагымга алдырбоого чакырууда.

Митингчилер “Текебаевге боштондук” деп кыйкырышууда.

Башкы прокуратура Текебаевге карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген айып тагылууда. Аны УКМК 48 саатка камакка алган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

9 − жети =