Кубат Оторбаев Текебаевге байланыштуу Сегизбаевге кат жолдоду

0

Каганат.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге кайрылып, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду кармоо шарттары жана ден-соолугунун абалы боюнча мониторинг жүргүзүү керектиги тууралуу кат жолдоду.

Бул тууралуу Акыукатчы институтту билдирди. Маалыматка ылайык, Акыйкатчы каалаган убакгында кармалгандардын шарттары менен таанышууга укуктуу.

Ошондой эле Текебаев качып кетейин деген ниети жок экенин, чет өлкөдөн Бишкекке кайтып келери менен анын аэропорттон кармалышы туура эмес экенин билдирген.

Текебаевди камакка алуу операциясы учурунда бир нече жарандык активисттер менен журналисттердин кармалышы да мыйзамсыз болгону айтылган.

Оторбаев мыйзамдуулукту жактай турганын кошумчалаган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × төрт =