Назарбаев Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

0

Каганат.

Швейцариядагы илимий-иликтөө институту Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөттү. Ушул эле номинация боюнча антиядролук кыймылдын активисти, сүрөтчү Карыпбек Күйүков дагы талапкер.

Basel Peace Office институтунун директору Алин Варе президент Назарбаев менен “АТОМ” долбоорунун ардактуу элчиси Күйүков “өзөктүк куралды жоюудагы эбегейсиз эмгектери үчүн” Нобель сыйлыгына сунушталышканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Nobel Peace Prize Watch сайтында Назарбаев менен Күйүковдун талапкерлиги чогуу жылдырылгандыгы жазылган. Аларды Шотландия парламентинин мүчөсү Билл Кид көрсөткөн. Маалыматта талапкерлер өзөктүк куралдануунун эбегейсиз кесепеттери тууралуу баяндап, ансыз жашоо идеасын жайылтышканы айтылат.

Швейцариянын Базель шаарында жайгашкан институтка каржылык колдоо көрсөткөн уюмдардын арасында Казакстандын тышкы иштер министрлиги жана “Назарбаев Борбору” мамлекеттик мекемеси бар.

Нобель сыйлыгын алуу үчүн Назарбаевдин талапкерлиги бир нече жолу жылдырылган, бирок бул ийгиликтүү боло элек.

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − 14 =