Аалым агайды акыркы сапарга узатуу

Каганат.

Ажал үчүн баарынын катары бирдей демекчи, мейли падыша бол, мейли катардагы пенде бол, ар кимдин бир күн акыретке жол тартаары талашсыз эмеспи! Айла жок, минтип атпай кыргыз журтчулугуна, өзөчө педагогикалык билим берүү тармагында, интеллигенция чөйрөсүндө аттын кашкасындай таанымал инсан, улуу устатыбыз Апышев Бекембай агайды акыркы сапарга узаттык.

Ошентип ОшМУ эле эмес, бүтүндөй илим жана билим берүү коомчулугу, бүтүндөй кыргыз журтчулугу чоң жоготууга учурады. “Өлүм – ак, өлүм бул сабак” деп даанышман ата-бабабыздан калган накылды эстедик. Агай жөнүндө айтылган баардык сөздөр аны менен коштошууга арналган митингден, анын арбайына багышталып окулган Жаназасынан баштап, жай башындагы айтылган сөздөр бул инсандын жакынкы күндөргө чейин эле катарыбызда жүрүп, кадимки эле адам катары өмүр-таржымалы, адамдар менен түзгөн мамилеси, кесиптештеринин, шакирттеринин, окуучуларынын арасындагы бийик даражалуу аброю, опол тоого барабар болгон элге-журтка сиңирген эмгеги жөнүндө болду!

Демек, мейли ажал үчүн ким болбойлу, катарыбыз бир болсун, бирок канткенде да бул жалгандагы тапкан ордуң, тутунган тиргилигиң, өткөргөн жашооң, жүрүм-турумуң, жасаган иштериң да жан дүйнөнүн түбөлүк тынчтыгы өкүм сүрөөр тиги дүйнөгө тарткан сапарыңда жаныңа жолдош, андан аркысына өбөлгө болот окшобойбу?… Бекембай агай, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, ыйманыңыз жолдош болсун!  

 1

2

7

ОшМУнун профкомунун төрагасы, доцент А.Аккулов

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − үч =