Аида Салянова: Адилеттүүлүк болмоюн митинг улана берет

Каганат.

–Аида Жеңишбековна эки күндөн бери Текебаевди  бошотуу үчүн болгон митинг уланууда, бирок бийлик тараптан эч кандай реакция болбогонсуйт, мындан аркы кадамдар кандай болот?

–Ооба эки күндөн бери элдин үнүн бийлик укпай жатканы менен уга турган күн да келет. Мындан аркы кадамдар эртен парламенттин жыйынында күч органдарын чакырып. сөзсүз түрдө маалымат алабыз. Учурда көптөгөн суроолор бар, бирок мыйзам бузгандарды тартипке келтиргендер өздөрү мыйзамды бузуп жаткандыгы абдан өкүнүчтүү. Эртең башкы прокуратура жана УКМК Жогорку Кеңешке келип кандай кармагандыгы, эмне себептен мындай кадамга баргандыгы тууралуу кеңири маалымат берет. Негизи мыйзам сакталып жатабы же жокпу мына ушул жана башка аталган кызматтарга тиешелүү бир нече суроолорго жооп ала алабыз деп ойлойм. Ал эми мөөнөтсүз митинг адилеттүүлүк болмоюн улана берет.

–Кыргызстандн жети дубанындагы шайлоочуларыңыздардын борборго келип, чоң митинг өткөрүү аракеттери болот деген имиштердин канчалык чындыгы бар?

–Өмүрбек Текебаев кармалгандан тарта ар тараптан телефон чалуулар болуп, шайлоочулар борборго чогулу аракеттери тууралуу билдиришүудө. Бирок биз мыйзамды сыйлаган адамдар катары, жергиликтүү жерлерден гана өткөрүп, айрым гана лидерлер келишти. Себеби көпчүлүк элди борборго алып келүү менен ар кандай провакциялар уюштурулуп, элдин андан ары толкуп кетүүсүнөн кооптонуп жатабыз. Азырынча облустардан партия мүчөлөрүнүн айрымдары келип, партиянын лидери Текебаевди бошотуу үчүн митингде оз ойлорун билдиришүүдө. Ошол эле учурда азыр да ар кандай чагымчылдык аракеттерин көздөгөндөр байкалууда. Ал эми Ата-Мекен партиясынын колдоочуларынын арасында андай мыйзам  бузгандар жок. 

–Ата-Мекендин айрым депутат, партия мүчөлөрү митингде көрүнбөйт деген суроолор пайда болууда?

–Албетте  баардык нерсе шартка жараша болгондуктан айрым мүчөлөрүбүз митингге келе албаса дагы моралдык жактан колдоо көрсөтүп биз менен экендигин билдирүүдө. Маселен депутат Айсулуу Мамашева учурда кош бойлуу болгондуктан келе алган жок, ал эми айрым биздин партиянын мүчөлөрү үй бүлөөлүк же ден соолугуна байланыштуу келе албай калбаса дээрлик баардыгы лидер үчүн тикесинен тик тураарына көзүм жетет.

Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − 14 =