Алмазбек Атамбаев: Текебаевдин камалышынан саясат көрбөй жатам

Каганат.

Бүгүн Орусия Президенти Владимир Путин менен жолуккан Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бирдиктүү маалымат жыйын өткөрүп жатып Өмүрбек Текебаевдин камалуусунан эч кандай саясат көрбөй элемин деп билдирди. Атамбаевдин айтымына караганда “2010-жылы түштүктө кандуу окуялар катталып жатканда кимдир бирөөлөр миллиондорду кымырышканы билинген. Мен ошондо эле айткам качандыр бир убакта ушул нерсенин баары калкып чыгат деп”.

[latest-selected-content limit=”1″ type=”post” display=”title” image=”medium” url=”yes” elements=”3″ css=”left” dtag=”yes” id=”91568″ status=”publish” orderby=”dateD”]

Ошону менен бирге эле Атамбаев баягы мультимиллионер экендигин дагы бир ирет белгиледи. Президент өз сөзүндө “Аскар Салымбеков Дордойду жаңы түзүп жатканда мен миллионер болчумун, ал эми ал учурда Бабанов бизнесмен эмес араң студент болгон” деп билдирет.

“Мен дагы бир жолу айтам Атамбаев ууру эмес, ал эми уурдагандардын оорду түрмөдө, кийинки Президент дал ушундай принциптерди сактайбы сактабайбы белгисиз” деп балп эттирген Атамбаевди айрым серепчилер, декларацияда эмнеге мультимиллиардык байлыгы көрсөтүлбөгөн деген суроого жооп бере албайт деген пикирлерин билдирүүдө

Булак: Каганат.  

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =